Menu

Өмүрбек Текебаев: Атамбаев өз кызыкчылыгы үчүн кыргыз мөӊгүлөрүн талкалаганга уруксат берип салды

Бөлүшүү:

— Өмүрбек Чиркешович, Суу кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, «Центарра Голд» компаниясына мөӊгүлөрдү талкалаганга уруксат берген мыйзамга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мындан бир жыл мурун кызматынан кетээр алдында кол коюп кеткен. Ал мыйзамдын өтүшүнө «Ата Мекен» партиясы бир нече жыл каршы болуп келген эле. Атамбаевдин бул демилгесине кандай баа бересиз?

— Мен “Кумтөр” алтын кени боюнча 2003, 2009-жылкы келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келгенин баса белгилегим келет. Бул менин гана жеке оюм эмес, парламент бул келишимдерди «кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген, алдамчылык келишим» деп беш жолу токтом кабыл алган. Ал эми Суу кодексине өзгөртүүлөргө келсек, ал жөнүндө төмөндөгүлөрдү айткым келет: Ак мөӊгүлүү аска зоолор талаалар, Элибиздин жаны менен барабар. Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп, Сактап келди биздин ата-бабалар» деп биздин гимнибизде так ошол мөӊгүлөр жөнүндө айтылат. Мөӊгүлөр – биздин Ата мекендин символу, кыргыз элинин байлыгы. Мөӊгүлөр – жалпы эле адамзаттын байлыгы. Ал Конституция менен корголуп, «кол тийгис» деп жарыяланган. Биздин өлкөдө эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө мөӊгүгө жакын жерде чарба иштерин жүргүзгөнгө тыюу салынган. Тилекке каршы, Кыргызстанда мөӊгүнүн жанында “Кумтөр” кенин иштеткенге канадалыктарга уруксат берилип, алар мөӊгүнүн жанында тургай, үстүнө чыгып, миллиондогон тонна таштан, кумдан, топурактан жана башка ар кандай химикаттардан турган таштандыларды мөӊгүнүн үстүнө таштап келе жатышат. Бул – жапайычылык. Бул – чоӊ кылмыш. Кыргыз өкмөтү 2010-жылга чейин да, андан кийин да бул маселени чечкенге, Кыргызстандын байлыгы болгон мөӊгүлөрдү сактап калганга аракет кылбай келет.

— Өкмөт аракет кылбаса, башка коомдук көчтүр, ошонун ичинде «Ата Мекен» партиясы кандай аракеттерди көрдү?

— Кыргызстандыктар, коомдук саясый күчтөр баары эле “Кумтөр” боюнча келишим адилетсиз болгондугун, аны кайра карап чыгып, Кыргызстандын кызыкчылыгына иштетиш керектигин, келтирилген зыяндарды «Центерранын» мойнуна коюп, төлөтүп алыш керектигин көпчүлүк айтып эле келе жатат. Ал эми мамлекеттик жана Жогорку Кеӊеш түзгөн комиссиялар дагы мына ушундай тыянакка келишкен. Ал эми «Ата Мекен» партиясына келе турган болсок, биз таштандыдан улам айлана-чөйрөгө болгон зыянды компенсациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊешке сунуштадык. “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 54-беренесине ылайык, айлана-чөйрөнү булгоо, табигый ресурстарды бузуу, жок кылуу, зыянга учуратуу, рационалдуу эмес пайдалануу, табигый экологиялык системаларды бузуу жана башка экологиялык укук бузуулар аркылуу айлана-чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна, адамдардын, юридикалык жактардын мүлкүнө жана мамлекетке залал келтирген юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар келтирилген залалды толук көлөмдө толтуруп берүүгө милдеттүү.

2002-жылы “Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн акынын ставкасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн акынын ставкасы көргөзүлгөн булгоочу заттардын бир тоннасына 1,2 сом өлчөмүндө белгиленген. Бүгүнкү күндө мындай бычым өз актуалдуулугун жоготту жана азыркы талаптарга жооп бербейт. Россияда мындай ставка 60 АКШ доллары экен. Казакстанда да ушундай эле.

“Кумтөр” кенинин экологиялык паспортунан алынган калдык-таштандылардын көлөмү тууралуу маалыматтарга ылайык, жыл сайын компания, бош топурак-таштарды кошуп алганда, 50 миллиондон 100 млн. тоннага чейин калдык чыгарат. 1996-2011-жылдары эле 1,5 млрд. тоннадан ашык таштанды топтолгон. Экологиялык төлөмдөрү болсо болгону 310 миң АКШ долларын түзөт. Бул сумма өлкөбүздүн экологиясына орду толгус зыян келтирилип жаткандыгына салыштырганда эч нерсеге арзыбайт. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн жаңы ставкаларын (тоннасына 200 сом) киргизгенде (ал эми мында өзгөчө зоналарда (мөңгү зоналарында) калдыктарды жайгаштыргандык үчүн өзүнчө ставка каралган), мамлекет ар жыл сайын 100 миллиондон 200 млн. АКШ долларын алып турмак. Тилекке каршы, өкмөт да, Жогорку Кеӊеш да биздин мыйзам долбоорубузду колдобой коюшту. Бир нече жыл каттуу аракет кылдык.

2009-жылы Бакиевдин убагында «Центерра» менен Кыргызстандын бийлиги келишимге кол коюп, «Центерра» “Кумтөрдө” 2012-жылдан баштап мөӊгүгө залакасын тийгизбей, талкалабай, жер алдынан алтын казып алганга киришет» деп макулдашкан. Бирок, «жер алдына кирсек, «Центерранын» пайдасы азайып калат экен, биз мөӊгүнүн үстүнөн чапчып эле каза берели» деп, 2009-жылкы келишимди бузуп, өкмөттүн кылмыштуу шалаакылыгы, же болбосо ачыктан-ачык саткынчылыгы, чыккынчылыгы менен 2011-жылдан баштап мөӊгүлөрдү талкалай башташты. 2011-жылы өкмөт башчысы Атамбаев болгон. Демек, Атамбаевдин уруксаты менен Бакиевдин «мөӊгү талкаланбасын» деген келишими бузулуп, мөӊгү талкалана баштады. 2011-жылы 10 млн. тонна, 2012-жылы 15 млн. тонна, 2014-жылы 20 млн. тоннага жакын, 2015-жылы 25 млн. тонна, ал эми 2016-17-жылдары 30 млн. тоннадан мөӊгүнү «Центерра» талкалап, алтынды ачык казып алуусун улантты. Ошентип, Атамбаевдин убагында «Центерра» 150 млн. тоннадан ашык мөӊнгүнү талкалап салды. Ушунун баары итбекер болду. Алты жылда жер алдына кирсе, «Центерра» миллиарддаган доллар каражат ашыкча зыян тартмак. Атамбаев «мөӊгүнү талкалай бергиле» деп «Центеррага» миллирддаган доллар экономдоп берди го! «Центерра» ыраазычылыгын билдирбейби, же Атамбаев ушунун баарын бекер жасагыдай тентекпи? Жо-ок, ал өз кызыкчылыгына келгенде абдан эле акылдуу. Ал өз кызыкчылыгы үчүн кылды мунун баарын. Жыл сайын өкмөттөн жалдырап ураксат алгандан тажаган «Центерра» 2014-жылы Суу кодексине өзгөртүү киргиздирип, “Кумтөрдү” өздөштүрүш үчүн кыргыз мөӊгүсүн талкалай бергенге өкмөттөн дүңүнөн уруксат алганга киришти. Атамбаев өкмөт аркылуу 2014-жылы Суу кодексине «Кумтөрдү» иштеши үчүн мөӊгүлөр талкалана берсин» деген мыйзам долбоорун киргизди. «Ата Мекен» партиясы эки жыл каршы болуп, 2014-15-жылдары бул мыйзам долбоорун өткөртпөй койгонбуз. Парламенттик шайлоодон кийин 2016-жылы да өткөрбөй келдик. Бирок, 2017-жылы Сапар Исаковдун колу менен кайра киргизди. Айтып коюшум керек, бул мыйзам долбоору Сооронбай Жээнбековдун убагында да кирген. Бирок, коомчулуктун пикирин угуп, таразалап туруп, ал мыйзамды кайра чакыртып алган. Атамбаев жаӊы келген жаш премьердин колу менен бул мыйзам долбоорун киргизди. Сентябрда коомчулук, эл каршы болгонуна карабай, Жогорку Кеӊеш бул мыйзам долбоорун кабыл алып берди. Ал эми Атамбаев инаугурацияга бир нече күн калганда, мөөнөтү бүтүп бара жатканда бул мыйзамга салтанаттуу түрдө кол койду.

— Эмне үчүн Атамбаев кетээр күндөрү шашылыш бул мыйзам долбооруна кол койду? Кол койбой койсо, жаӊы шайланган президент Жээнбеков деле кол коёт эле да…

— Жээнбековду Кудай өзү сактады. Атамбаев кол койбой, «сен кол кой» десе, балким Жээнбеков деле коймок. Бирок, бизнесте өзүнүн эрежеси бар. Алган киши, убада берген киши ишти бүтүрүп, аягына чыгарып кетет. Атамбаевдин бул «Центеррага» берген «отчету» болду. Ошентип, «Центерра» уруксаты жок, квота албай туруп, каалагаанча мөӊгүнү талкалап жатат. «Кумтөрдүн» жанындагы 720 млн. тоннадан кем болбогон Давыдов мөӊгүсүнүн 400 млн. тоннасы жок болду, калган 300 млн. тоннасы жакынкы жылдары жок болот.

— 2016-жылы референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилди. «Экоцид адамзатка каршы кечирилгис кылмыш» деген жобо кошо киргизилди. Кыргыз мөӊгүлөрүн талкалоо экоцидге жатабы же жатпайбы?

— Экоцид – жаратылышка орду толгус, масштабдуу зыян келтирүү. Дүйнөдө мөӊгүнү талкалап кен казган бир да учур болгон эмес. Кыргызстан дүйнөдө жок, адам баласы ойлобогон, түшүнө да кирбеген кылмыш жасап, мөӊгүнү талкалоо жолу менен алтын казганга чет элдик компанияга уруксат берип отурат. Муну так Атамбаев өзү жасады. Конституцияда жазылгандай, бул кылмыш «экоцид» деп аталып, кечирилгис, адамзатка каршы кылмыш болуп эсептелип, геноцид менен барабар сыпатталат. Атамбаевдин эки жүздүүлүгүнүн чеги жок экенин ушундан көргүлө. «Экоцид» деп жаратылышка күйүмүш, аны коргомуш болуп, референдумдан өзүнө керектүү өзгөртүүлөрдү эптеп өткөрүп алып, анын артынан экоцид кылып баса берди. Мен ойлойм, Жогорку Кеӊеш ушу мыйзамды кабыл алгандыгына карабастан, аны демилгелегени, Жогорку Кеӊешти мажбур кылганы, анан өзү кол койгондугу үчүн Атамбаев кылмыш жообуна тартылыш керек.

— Парламент «Кумтөр» боюнча «элге каршы келишимден чыгыш керек» деп чечим чыгарган. Жакында эксперт Базарбай Мамбетов «ал келишимден чыгуу, башкача айтканда, денонсация кылыш керек эле, Текебаев башында бул идеяны колдоп жаткан, кийин айнып кетти, эгер Текебаев айныбаганда, «Кумтөр» элге өтмөк, ошондуктан Текебаевдин Кыргызстан алдындагы күнөөсү чоӊ» деп айтты. Мунун канчалык чындыгы бар?

— 2013-жылы «Кумтөр» масалеси парламентте каралганда, «Ата Мекен» фракциясы «Кумтөр» боюнча 2009-жылкы келишимден чыгуу, денонсация кылуу идеясын сунуш кылган. Бул Жогорку Кеӊештин стенограммасында турат. Биздин бул сунушубуз менен Жогорку Кеӊештин токтомуна «эгер өкмөт «Центерра» менен сүйлөшүп, маселени Кыргызстандын пайдасына чече албаса, өкмөт денонсация маселесин карап көрүш керек» деп киргизилген. Атамбаев эл алдында да, ММКлар аркылуу да, фракциянын лидерлерин кабыл алып да, денонсациялаганга каршы болгон оюн айтты. Ал ММКлар аркылуу «мен мародер эмесмин, денонсация кылып жөн эле тартып ала албайм, анда дүйнөлүк коомчулуктун көзүн кантип карайбыз, мен улутташтырганга макулмун» деп жарыялады. Биз фракция лидерлери президент Атамбаев менен жолугуп, ушул маселени дагы кабыргасынан койдук. Ал «мен улутташтырганга макулмун» деди. Мен эки мыйзам долбоорун жазып, фракциянын атынан Жогорку Кеӊешке киргиздим. Биринчиси, улутташтыруу тигил же бул мүлктү мамлекеттин керектөөсү үчүн тартып алып коюу укугу – бул КРнын эгемендүү укугу. Бул Конституцияда көргөзүлгөн. Мына ушул укуктун аткарылышын, улутташтыруунун негизин, тартибин, формасын аныктаган “Улутташтыруу жөнүндө” КР мыйзам долбоору. Бул жалпы улутташтыруу жөнүндө. Экинчиси, “Кумтөргө” тиешелүү: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө мыйзам долбоору. Базарбай Мамбетов айткан 2003-жылкы келишимди денонсациялоо улутташтыруунун бир этабы. Ошондуктан Мамбетовдун мага койгон дооматы негизсиз. Бирок, бул мыйзамдарды да Атамбаев колдогон жок. Анын «улутташтырууга макулмун» дегени куулук, айлакерлик амалы болгон экен. Анткени, өзүнө көз каранды ММКлар, өкмөт, бакма эксперттер «улутташтырылса, Кыргызстан «Центеррага» 3 млрд. доллардан ашык акча төлөп бериш керек, дароо төлөп бериш керек, балким соттошсо, мындан да көбөйүп кетиши мүмкүн» деп кыргыз коомчулугун коркутуп туруп алды. Бирок, биз мыйзамдын негиздемелеринде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын мүлкү 1 млрд. долларга да жетпей тургандыгын (524,389 млн. доллар) далилдедик.

Уландысы бар

Динар Турдугулова

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: