Menu

Депутат Рыскелди Момбеков Киев жана Москва көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектин Киев жана Москва көчөлөрүнүн аттарын алмаштырып, аларга Кыргызстандын улуу инсандарынын ысымдарын ыйгарууну сунуштады.

Анын айтымында, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында башка өлкөлөрдө бир катар  объекттерге анын ысымы берилген. Мисалы, Ташкентте жазуучунун аты чоң көчөлөрдүн бирине ыйгарылган, Санкт-Петербургда жазуучунун аты менен сквер аталган, ал эми Казакстанда болсо Айтматовдун аты  сегиз тилкелүү трассага берилген. Кыргызстанда болсо Чыңгыз Айтматовдун аты менен эч кандай  маанилүү деле жер аталган эмес.

“Бул тууралуу сунуштар көп эле түшкөн, бирок шаардын бийлиги аларга көңул бурган эмес. Эмне үчүн бир проспекте эки улуу инсандын аты берилген? Проспекттин бир бөлүгү Манас, бир бөлүгү Чыңгыз Айтматовдун атында. Бул эмне деген аксаган саясат? Чыңгыз Айтматовдун айкели Киев көчөсүндө жайгашкан, ошондуктан мен ал көчөгө Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарып, Белинский көчөсүн толугу менен Манас проспектиси деп аталышы жөнүндө сунуш киргизгем. Ал эми Москва көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин аты берилүүсүн сунуштадым. Биз көз карандысыз өлкөбүз да.  Качанкыга чейин жөн эле карап отура беребиз? Мындай нерселерди чечүү керек,” – деп билдирген эл өкүлү.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: