Menu

Өзүбүздү өзүбүз банкрот кылып жатабыз. Премьер-министр мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды өзгөртүү керектигин айтты

Бөлүшүү:

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам өзгөртүлүшү керек деп эсептейт Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда билдирген.

Анын айтымында, мамлекетке керектүү нерселердин баары импорттолгон товарлар. Мисалга, 2017 жылы 3 425 мамлекеттик компаниялар баасы 72,8 миллиард сомду түзгөн товарларды жана кызматтарды сатып алган, жада калса бала бакчаларга керектүү сүт азыктары дагы чет мамлекеттерден келет.

“Бардыгы импорттолгон. Керектүү жабдуулар чет элден келет. Энергетикалык мекемелерге трансформаторлор Өзбекстандан жана Казакстандан алынып келинет, ал эми өзүбүздөгү завод болсо банкрот болгон. Кабель чыгаруучу заводду талкалап салып, аларды эми башка жактан сатып алып атабыз, эсептегичтерди өзүбүз чыгара албайбыз, ал эми энергокомпаниялар болсо аларды сатып алууга гана 10 миллиард сом коротушат”, – деп билдирген Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтуусунда, мамлекеттик сатып алуулардын жок дегенде жарымын жергиликтүү өндүрүүчүлөр чыгарышы керек. Бирок бул саясатты колдоо үчүн ал тууралуу мыйзамдга өзгөртүүлөрдү киргизүү кажет.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: