Menu

Оппозициялык журналист Дайырбек Орунбеков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-ноябрда журналист Дайырбек Орунбеков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу  Дайырбек Орунбеков өзү билдирди.

“Мен журналистикадан кетип жатам, азырынча эмне иш менен алектенеримди билбейм, бирок пайдалуу боло алам деген ойдомун” – деп билдирген ал.

Анын айтымында, мындай кызматта анын тажрыйбасы бар. Буга чейин ал депутат Урмат Аманбаеванын кеңешчиси болуп эмгектенген.

Социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары Орунбековду колдоп, ага ишеним артышаарын билдиришкен.

 

Аталган кызматта Дайырбек Орунбековдун айлык маянасы 15-16 миң сомду түзөөрүн, бирок бул каражат ага жетиштүү экенин журналист билдирген.

Эске салсак, буга чейин Дайырбек Орунбековго Аламүдүн райондук сотунун мурунку президент Алмазбек Атамбаевге 2 миллион сом акча төлөп берүү боюнча чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.

Кийин журналист Алмазбек Атамбаевди жана анын аппарат башчысы Фарид Ниязовду абийирине шек келтиргендиги үчүн сотко берген, бирок ишти уттурган.

Соттун Орунбеков Атамбаевге 2 миллион сом төлөп берүүсү жөнүндө чечими али күчүндө.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: