Menu

Рыскелди Момбеков, депутат: Иса Өмүркулов жеке мамиленин курмандыгы болуп калды

Бөлүшүү:

– Рыскелди мырза, «азыр Атамбаевдин жанында Карамушкина, Кодуранова менен эле Мадеминов калды» деп айтып жатышат. Биз билгенден сиз деле бир кезде Атамбаев менен жакын болчусуз. Азыр мамилеңиздер кандай?

– Буга чейин кандай болсом, азыр деле ошондоймун. Болгону мени саясый кеңештин мүчөлүгүнөн чыгарып коюшкан. Катардагы мүчө катары алар менен катышып эле жүрөм. Ал эми Атамбаев менен жеке мамилем мурун кандай болсо, ошол эле калыбында калган. Мурун деле ал киши мени көп жактыра берчү эмес, көп кабыл албай сыртта калтырчу. Азыр деле ошондой мамиледебиз. Кээ бир партиялаштарымдын ара-чолодо аттап кетишкендери мага жакпайт. Эң кыйын күн түшкөндө экс-президентке эң жакын адамдардын алыстап, качып кеткени эркектикке жатпайт. Мен ошого кейийм. Алмазбек Шаршенович менен 2012-жылга чейин мамилебиз жакшы эле болчу. Кийин кимдир бирөөлөр туура эмес сөздөрдү айттыбы, айтор, акырындан арабыз алыстап калган. Кабыл алса дагы сөзүмдү көп уккусу келбей, айткан сунуш-пикирлеримди көп жактыра бербей, көңүлсүз жооп берип койчу. Ошондон улам ооз учунан гана бир нерсени айтып коюп, жүрөгү менен укпагандан кийин көңүлүм сууп, өзүм да көп киргенге аракет кылган жокмун. Ал кезде Фарид менен эле Икрам сүйлөп калган да. Президент мамлекетти эмес, эки кишини башкарып, эки киши мамлекетти башкарып калган.

– Сиздин көп нерселерди көңүлүнө карабай ачык айтып салмай мүнөзүңүз бар эмеспи. Балким, ошол нерсе себеп болгондур?

– Алмазбек Шаршеновичтин тегерегинде болуп жаткан окуялар, жеп-ичкендер тууралуу ошол кезде деле айтчумун. Ошолор себеп болдубу?.. Негизинен ошолор эле себеп болду болуш керек. Жанындагылардын жаман иштерин, жардамчылардын баары жалганчыларга, жансакчылар жанбактыга айлайып бараткандыгын ошондо эле айтчумун да. Көп сүйлөшчү эмес, кыйкырып-кыйкырып койчу. Тегерегиндеги жансакчылары, жардамчылары жамандап отуруп, мени акыры алыстатып салган. Кийин деле кирип эле жүрдүм. Эки-үч айда кайсы бир маселе боюнча кеңешейин деп, же сунуштар менен кирип каласың. Бирок, мурдагыдай, 2010-жылкыдай куштарланып угуп, көңүл буруу жок болчу. Уккусу келбей калган да.

– Сизди саясый кеңештен чыгарууга эмне себеп болду эле?

– Жанындагы адамдардын таасиринен. Анткени, саясый кеңештин ар бир жыйынында мен маселени кабыргасынан койчумун. Биринчи каршылык качан чыкты? 2012-жылы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болчу. Ошого ишеним көрсөтпөө боюнча маселе каралганда «бул биздин саясый кеңеш карай турган маселе эмес да» деп айттым. «Ар-намыс» фракциясы карады, ишеним көрсөткөн жок, «Ата Мекен» фракциясы карады, ишеним көрсөткөн жок. КСДП фракциясы деле ошол жактан карап, чечим чыгара бербейби» десем, «жок, муну саясый кеңеште карашыбыз керек» дешти. «Саясый кеңеште карай турган болсоңор, анда эмне үчүн Бабановдун өкмөтүн кураганда бизден макулдук алган жоксуңар? Эми кетиргенде эмне үчүн бизден макулдук алышыңар керек?» деп маселени катуу коюп, беш-алты депутат каршы добуш бергенбиз. Ал кезде саясый кеңештин төрагасы болуп алган Чыныбай Акуновичке дагы бир топ ачуу пикирлерди айтчумун. «Фракциянын депутаттарынын бир тобунун деңгээли пас. Алар эмнеге отурушат? Башка кызматтарга кетип, кийинки тизмеде тургандарга орун берсе болбойбу?» дечүмүн. Жыйынды кээде орус тилинде алып барышат. «Эмне үчүн отуз беш киши бир кишини – Карамушкинаны сыйлайбыз? Эмне үчүн Карамушкина отуз беш кишини сыйлабайт?» дечүмүн. Анан ал таарынып чыгып кетип калчу. «Ушундай сөздөрдү айтпай эле койбойсуңбу?» деп саясый кеңештегилер да мени жактыра беришчү эмес. Азыр парламентте кандай жүрсөм, саясый кеңеште да ошоңдой жүрчүмүн да. Анан ошолордун баарын жеткирип барышса керек го. Айтор, кийинки саясый кеңештин талапкерлери каралып жаткаңда мени, Жанар Акаевди, даги бир топ тили ачуу кишилерди тизмеден чыгарып коюшту. Баш ийе турган, өзүнө жакын, буйруктан чыкпай турган адамдарды киргизип алган.

– Акыркы жолу качан жолугуштуңуз?

– Туулган күнүндө бардым. Ага чейин фракциянын депутаттары менен чогуу барып жолуккам. Өзүм суранып барган жокмун. Ал кызматта турганда көп нерселер бар эле айта турган. Анан кызматы жок болсо, мен сыяктуу бош болсо… Ага айтыштын канчалык кажети бар? Жолугуштун канчалык кажети бар? Орустар айткандай, жалко да…

– Анда сүйлөшкөн жоксуздарбы? Жөн гана учурашып койдуңуздарбы?

– Фракция менен жолукканда 19 эле депутат барып, калгандары барбай койбодубу? Ошондо ачык пикир алышып, сүйлөштүк. Андан мурда, былтыр жаңы президенттин ант берүү аземине чейин да бир жолу кирип чыккан болчумун. Кетирген кемчиликтери жөнүндө баса-баса айтсам, жарым-жартылай моюндап калган. «Алты жыл ажолук кызматты аркаладыңыз, бирок, аркаңыздагыларды байкабай калдыңыз, көп нерселер болду, көрөсүз, ушулардын баары чыгат» деп ошондо эле коңгуроо каккам.

– Адегенде Кожобек Рыспаев КСДПнын катарынан чыгарылган болчу. Жакында эле Иса Өмүркуловду чыгарышты. Бул маселеде сиздин позицияңыз кандай?

– Мен Кожобектин партияга киргенин деле билбейт экенмин. «Кол коюп бер» деп алып келишкен экен, мен калыс пикиримди, алыс пикиримди билгиздим. Анткени, ал партияга киргенде макулдук бербеген, чыкканда макулдук бермек белем? Кожобекти да колдогон жокмун, саясый кеңешти да колдогон жокмун. Ал эми Иса Шейшенкулович мен ойлойм, жеке мамиледен улам гана кетип атат. Ал Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосундагы жеке мамиленин гана курмандыгы болду. Иса Шейшенкулович менен менин да жеке мамилем бар. Экөөбүз партияда жыйырма жылдай тоодой эмгектерди кылып, оор жүктөрдү көтөрүп келгенбиз. Ал айтат «кворум болгон эмес» деп, тигилер «кворум болгон» дешет. Ошондуктан, мен адилет болуш үчүн юридикалык чечимге көз каранды болуп калам. Эгер Иса Шейшенкулович сотко берип, кворум болбогонун, саясый кеңештин чечими мыйзамсыз экенин далилдесе, мен ал тарапта болом.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: