Икрам Илмиянов камакка алынгандан кийин интернет колдонуучулар Абдил Сегизбаевдин, Индира Жолдубаеванын, Болот Сүйүмбаевдин камалышын талап кылышып, бир топ постторду жазышты. Себеби, дал ушул үч фигура күч органдарын жетектеп турушканда адам укуктары ыксыз басмырланганы, күнөөсүз адамдардын камакка алынышы көбөйгөнү ЖМКларда катуу талкууланган. Эчен ирет нааразычылык акциялар да өттү. Карапайым адамдар сыздашты, ак жеринен камалгандар боюнча эл аралык чөйрөгө чейин даттануулар арбыды. Токтайым Үмөталиева баштаган укук коргоочулар Батышка чейин арызданууга үлгүрүштү. Чырылдашты эй! Башкасын айтпасак да, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Канатбек Исаев, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Мелис Апеков ж.б. саясатчылар күмөндүү иштерге айыпталып, камалып кетишкен эле. Баса, Аида Саляновага да жалаа жабышып, болбогон иш менен соттоп салышты. Айтор, Сегизбаев, Жолдубаева, Сүйүмбаев күч органдарын бийлеп турганда эчендеген мыйзам бузуулар, мамлекетке жасалган кыянаттыктар болгону жалганбы? А эмне үчүн Икрам Илмиянов камалган соң, береги үчөөнүн үстүнөн мыйзамдуу негизде иликтөөлөр жүрбөйт? Эгерде бийлик баарына тең караса, дал ушул жагына акыйкат баа берип, Сегизбаевдин, Жолдубаеванын, Сүйүмбаевдин жоопкерчилигин кечиктирбестен көтөрүш керек. Эл күтүп атат…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ