Ош шаарындагы № 27 XXIV Партсьезд атындагы орто мектебинин медиа борбору “Эң шамдагай медиа-бурч” номинациясы жана баалуу белектер менен сыйланды. Бул тууралуу аталган мектептик медиа борборго жооптуу информатика мугалими Мирлан Нарматалиев билдирди.
Анын айтымында № 27 XXIV Партсьезд атындагы орто мектебинин медиа борбору “ММК Колдоо Борбору” Фонду уюштурган “Эң мыкты медиа-бурч” аттуу республикалык сынагына катышкан. Бул сынакта ийгилик жараткан мектептик медиа борборлорду сыйлоо аземи медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча медиа бурчтардын форумунун алкагында уюштурулуп, бардык медиа борборлордун ишмердүүлүгүн жүргүзгөн окуучулардын, ага жооптуу мугалимдердин катышуусунда өткөн.
Маалым болгондой, буга чейин мектеп мугалимдери үчүн медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча уюштурулган семинар-тренингдердин натыйжасында Ош шаарындагы бардык мектептерде мектептик медиа борборлор түзүлүп, тийиштүү иш аракеттерди көрүп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ