Menu

Видео – Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Темир Сариев 10 миң кыргыз жаранын жумушсуз калтырды, бюджет 15 миллиард сомдон куржалак калды”

Бөлүшүү:

“Урматтуу депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү, мен сиздердин көңүлүңүздөрдү бир маселеге бургум келип турат. Кечээ, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинин кеңейтилген отурумунда мен бир маселени көтөрдүм эле, чет өлкөлөрдөн алынып келинген автоунааларга бажы төлөмдөрүн мурунку калыбына келтирип, азайтуу боюнча.  Анда экс-премьер Темир Сариевдин аты аталган болчу. Ал киши жооп бериптир. Мен анын жоопторуна айрым тактоолорду айтып коёоюн деп чечтим”, – деп баштады бүгүн, 15-ноябрда парламенттин жыйынында “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

“Темир Сариев айтып жатат “биздин Бажы союзуна киргенибиз бул тарыхый туура чечим болгон экен, муну тарых тастыктап жатат” деп.  Албетте муну тарых тастыктап, эл баасын берет, эл тараза. Азыр антип баа берүүгө али эртерээк. “Көп ийгиликтерге жетиштик” дейт. Анан 3-4 ийгиликтерин айтыптыр, ошого мен өз оюмду айтып коёоюн деп жатам. Биринчиси, “Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна 500 млн доллар алып келдик” дептир. Россиядан 500 млн келгени туура, бирок ал акча бүгүнкү күнгө чейин толук иштетиле элек. Себеби, Темир Сариев ошол кредит боюнча келишимге кол коюп жатканда ал акчаны алуунун, элге берүүнүн тартиптери туура каралган эмес. Натыйжада азыр ал кредиттерди бүт байларга гана берилет. Анткени кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кредитин алуу тартиби, күрөөнүн шарты жарандарга кадимки кыргыз банктарынан кредит алууга караганда да оор болуп калган. Кредиттин суммасы 3 млн доллардан кем болбош керек жана анын күрөөсү да 3 миллион доллар болушу зарыл. Анда эмне Талас облусу орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан кредит алыш үчүн бүтүндөй бир Талас облусун күрөөгө коюш керекпи? Анан алар кантип кредит ала алат? Башынан эле ушундай оор шарттар коюлган. Чакан жана орто бизнеске бул фонддун жардамы тийбей жатат. Ошондуктан фонддун акчалары бүгүнкү күнгө чейин иштетилбей жатат. Экинчиси, “Россиядан 200 млн доллар грант алганбыз” деп мактаныптыр Сариев. Бирок, ал 200 млн доллар гранттын бүгүнкү күнгө чейин баш-аягы жок. Кыргызстанга бөлүнгөн ал акчаны ошол жактан эле чет элдик жеке менчик “Крокус интернешнл” фирмасынын эсебине которуп жиберишкен. Ал фирма бизге лабаратория, бажы постторун куруп берет дешти эле андан да дайын жок, аягына чыгышпады. Ошол бойдон ал акчанын да баш-аягы жок. Анан Сариев кайсы ийгиликтерди айтып жатат мен дагы деле түшүнбөй жатам. Үчүнчүсү, чет элден алып келинген автоунааларга бажы төлөмдөрүн төлөөгө Бажы союзу Кыргызстанга 2020-жылга чейин жеңилдик берген болчу. Биз ошону өкмөттүн күнөөсүнөн улам туура эмес пайдаландык. Ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев токтом чыгарып, бажы төлөмдөрүн кымбаттатып, 2014-жылы кол койгон, 2015-жылы ишке ашырган. Цифралар менен айтып берейин, 2013-жылы биздин ишкерлер сырттан 91 миң машина алып келип, бажыдан өткөрүшкөн. 2014-жылы 110 миң машина кирген.  Сариевдин токтомунан кийин, 2015-жылы ишкерлер сырттан 2 миң эле машина алып киришкен. 2016-жылы 68 эле машина, 2017-жылы 69 машинага түшүп калган. Менин айтайын дегеним, эгер 2014-жылкы Сариевдин токтомуна чейин ишкерлер жылына 110 миң машина ташып келип сатышса, алардын ар бири жылына 10 машина алып келсе эле 10 миң киши жумушсуз калып жатат. Бажы төлөмдөрүн айтпаганда деле кыргыз өкмөтү 10 миң кыргыз жаранына жардам бериштин ордуна тескерисинче жумушун алып коюп жатат кыл жип менен муунткандай, бир эле күндө, токтом менен. Кыргыз ишкерлеринин иштери автоматтык түрдө токтоп калып жатат.  Ага чейин биздин кыргыз ишкерлери четтен ташып келген машиналарды коңшу казактар сатып алып кетишчү. Анткени бизде бажы төлөмдөрү арзан болчу. Сариевдин токтомунан кийин тескерисинче биз казактар менен орустардан ташый баштадык. Эгер Сариевдин токтому болбосо биз 2014-жылдан бери жылына 100 миңден машина ташып турсак азырга чейин 300 миң машина ташыйт элек. Жылына бюджетке 5 миллиард сом бажы төлөмдөрү түшүп, үч жылда 15 миллиард акча түшмөк. Ошондой эле ишкерлерге белгилүү болгондой машина ташыган 10 миң кыргыз жараны да 15 миллиард сом киреше табышмак. Бул эмне пайда эмеспи? Темир Сариев “бажы төлөмдөрүн көтөрүү менен эски машиналарды келтирбей экологияны тазаладык” деп актаныптыр. Чындыгында, тескерисинче эски машиналар эми көп келе баштады. Анткени чет өлкөдөн машина алып келе албай калган ишкерлер эми Кыргызстанга Россиянын эски “Жигулилерин” ташып жатышат. Россиянын номерлерин менен айылдарда “жигулилер” пайда болду азыр. Бүт эски машина келип баса баштады. Эмнесин ийгилик деп айтып жатышат? Темир Сариевге тан берген жокмун! Ал кишини мен мурун күчтүү экономист, финансист деп ойлоп жүрсөм, азыр менин оюм тескери болуп калды. Биз Бажы союзуна өтө шашылып кирип, алар айткан бардык шарттарга макул боло берип, Кыргызстандын кызыкчылыгын сабаттуу колдой албай, эртеңки президенттик шайлоону ойлоп туруп ушул иштерди кылышкан экен. 2014-жылкы Сариевдин токтомуна чейин кыргыз жарандары чет элден алып келген бир жаңы машинага орточо 11 миң доллардан бажы төлөмүн төлөшсө, Сариевдин токтомунан кийин орточо ар бир машинага 29 миң доллардан төлөп калышкан. Ошондуктан казактар бизге келип машина албай калышкан. Ошондуктан бүгүнкү өкмөт мүчөлөрү сиздер Темир Сариевдин өкмөтү кетирген кемчиликтерди өз ордуна келтиришиңер керек. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иштерин оңдошуңар зарыл. 200 млн доллар гранттын баш-аягы жок, аны табышыңар керек. Казактардан 100 млн доллар алышыбыз керек эле андан баш тарттык. Мына, биздин Бажы союзуна кирген “ийгилигибиздин” кесепети ушул болду. Ошол кездеги жетекчилер бүгүнкү өкмөттүн ишине, биздин айткан сыныбызга теригип бүгүн ошентип жооп берип жатышат. Бул иштер иликтениш керек! Мен Генпрокуратурага, Финполго жана Эсеп палатасына кайрадан кайрылам, эмне үчүн мындай шалаакылык болду? Канча зыян тарттык? Мына ушуну тез арада иликтеп, жыйынтыгын бизге берүүңүздөрдү суранам”, – деди Алтынбек Сулайманов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: