Menu

Өлкөдө ишкерлерди текшерүүгө эки жылдык мораторий киргизүү пландалууда

Бөлүшүү:

Кыргызстанда ишкерлерди тешерүүгө мораторий киргизүү пландалууда. Мындай мыйзам долбоордун токтомун Каржы министрлиги иштеп чыккан.

Маалыматка караганда, аталган мораторийди киргизүү – Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаралтуу” программасын реализациялоонун алкагында тапшырылган сунуштарынын бири болуп эсептелет.

“Негизги максат- ишмердүүлүктүн субъекттеринин экономикалык ишкердүүлүгүн колдоо, аларды укуктук коопсуздук менен камсыздоо, алардын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдарынын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюу, жана инвестицияларды өнүктүрүүгө жагымдуу чөйрө түзүү болуп эсептелет,” – деп белгилешкен мекемеде.

Министирлик аталган мораторий Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө жана ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзөт деп эсептейт.

Белгилей кетсек, аталган мораторий кылмыш-жаза жана административдик, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан уюштурулган, адамдарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүү фактылары боюнча, бажы көзөмөл алдында турган товарларды көзөмөлөдөө максатында уюштурулган текшерүүлөргө чектөө койбойт.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: