Menu

Түркмөн басмаканалары планды 134 пайызга аткарышты

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда басмаканалар жыл башынан бери планды 134 пайызга аткарышкан. Бул тууралуу өкмөттүн 9-ноябрдагы жыйынында айтылды.

Учурда өлкөдө бир нече басмакана иштейт. Алардын негизги ишмердүүлүгү мамлекеттик буйрутмаларды, анын ичинде китептер менен өлкө башчынын сүрөттөрүн басып чыгарууга багытталган.

Жыйында президент Гурбангулы Бердымухамедов китеп чыгаруу мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

Президент өзү ондогон китептин автору. 11 жылдын ичинде өлкө басмаканалары Бердымухамедовдун түркмөн жана чет тилдердеги 50гө жакын чыгармасын басып чыгарган. 2017-жылы эле мамлекет башчынын авторлугунда ар түрдүү багыттагы 7 китеп жарык көргөн.

​Президенттин сүрөттөрү өлкөдөгү бардык басылмаларга басма-бай чыгып турат. Буга чейин Түркмөнстанда гезит-журналдарды өз максатында пайдаланбаган жарандар куугунтуктоого кабылып жатканы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: