Menu

Бабанов менен чалгынга чыкса болобу?

Бөлүшүү:

Өмүрбек Бабанов. Бул ысым эл оозунда не деген гана түркүн түстүү сөздөр менен айтылып келет. Анын басымдуу бөлүгү аталган инсандын алдаркөсөлүк  жөндөмү өтө эле катуу өнүккөнү туурасында айтылат. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» деген эл накылын эске алганда көпчүлүктүн бул жигитке ушундай баа берип жатканы бекеринен эмес болуш керек. Баарынан да ушундай кырдаалда, экс-президент А.Атамбаев камалгандан кийин жылт этип пайда боло калышы Бабанов тууралуу жогоруда айтылган ойлорду ого бетер бекемдеп койгондой эле болуп барат. Эми айта турган ойдун өзөгүнө өтсөк. Өмүрбек Бабановго 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин УКМК тарабынан “шайлоону!! үгүт  өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде, экинчиси бийликти басып алууга даярдык көрүү”‘ деген айып менен эки кылмыш иши ачылган. Ошондон көп өтпөй ал өлкөдөн чыгып кеткен. Анан үстүбүздөгү жылдын жазында «мен баратам» деп элдин баарына жарыя кылып, бияктагы электораты дүрбөп аны күтө баштаганда УКМК тараптан «келсе камайбыз» дегендей коңгуроо кагылаар замат атынын  башын артка буруп кайрадан коңулга кирип кеткен. Ал тургай Кыргызстандагы ММКларга алыстан кайрылуу жасап «мени саясатка аралаштырбагыла, мен саясаттан кеткем» деп жарыя  да кылып жиберген. Анан эле А.Атамбаев камалган күндүн эртеси эле өлкөдөгү чыңалган кырдаалдан пайдаланып калайын деген амалкөйлүгүбү 9-август күнү Кыргызстанга кирип келди. Кызыгы, ошол учурда УКМК кайрадан Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертиш-кени менен, Бабанов «Манас» аба майданына эркин конуп, эркин чыгып кетти. Эч ким ага тоскоол болгон жок. Он күн бою дайыны чыкпай жатты. Анан бийлик да эл көзүнө орустар айтмакчы «для галочки» үчүнбү УКМКга чакырылды. Барды, чыкты.

Ушундан кийин эл оозунда кайрадан «Бабанов бийлик менен сүйлөшүп алып, анан келген» деген сөздөр  ого бетер оргуштай баштадь!. Кызыгы, президенттин бир кездердеги айткан сөзүндө болуп жатат. Көпчүлүктүн деле эсинде болсо керек, ошол  2017-жылдагы шайлоо дебатында андагы талапкер , азыркы президент С.Жээнбеков: «Буюрса мен президент болуп калсам коррупция менен күрөшүүнү биринчи сенден баштайм…” деп сөөмөй кезеп айтканы. Анан «сага бир эмес 25 суроом бар дегени да бар. “25 суроо” демекчи, Ө.Бабанов 19-август күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына (Финполицияга) “Кыргызстан” банкы боюнча сурак берип чыкты. Чыккандан соң анын күтүп турган эшик алдындагы журналисттерге «мен аларга банк тууралуу баардыгы мыйзамдуу экенин айттым, бул маселеге чекит коюлду окшойт» дегендей маанайдагы жоопту кыйытып кетти. Албетте, финполдун ичиндеги сурак кандай жагдайда, кандай шартта болгонун билбейбиз жана да С.Жээнбековдун ошондо коррупция боюнча Бабановго багыштайм деген 25 суроосу ошол учурда эмненин негизинде айтылганына да көзү ачыктык кыла албайбыз. Ошентсе да өз алдыбызча изилдеп, өз оюбузду тизмектегенге аракет кылып көрдүк.

…Ошентип, 19-августта финполго чакырылган сурагындагы «Кыргызстан коммерциялык банкы» тууралуу сурагы 25 суроонун бири болсун дейли. Эгер жаңылышпасак Бабанов «Кыргызстан» банкын сатып алып жатканда оффшордон 20 миллион доллар келгендигин мындан 7 жыл мурун, 2012-жылы Өмүрбек Текебаев парламент трибунасында айтып чыккан.

Ошондо Бабанов олчойгон ал акчалар аныкы эмес экенин, ал акчалар чет өлкөлүк  фирмалар тарабынан карыган энесине кайтарылган карыз акчалар болчу деп айтып чыккан эле.

Ошондо да Бабановдун мындай жообуна далайлар ооздорун ачкан бойдон калган, “карыган пенсионер адам ушундай самандай сапырылган акчаларды кайдан тапкан” дешип. Деги эле Өмүрбек Токтогуловичтин лексиконунда чет өлкөлүк фирмалар үчүн салыктын бейиши болгон оффшордук аймактар негедир көп айтылат. Анча болду финпол, укуругу узун эмеспи, ошол «оффшорлордун тарыхын» казып көрсө дагы далай нерселер илинет беле? Эгер, саясат үчүн же кимдир бирөөлөр үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чындап эле тергөө жүргүзүп жатышса? Андан кийинки суроо, Военно-Антоновкадагы айтылуу авторынокту бир убакта Борис Воробьев деген бизнесмен Бабановго кандайча алдырып жибергени. Бул жерде да баягы эле «оффшор» жыттанат. Аны мындан эки жыл мурун Б.Воробьев жайнаган документтерди каткан жеринен сууруп чыгып ал обьектилерди Бабановго өткөрүү амалдарына Сейшель аралдарындагы оффшордук фирмалардын катыштыгы бар экени, баардыгы көз боёмочулук менен тартып алынган деген мааниде айтып чыкпады беле? Дагы бир суроо борборубуздагы олчойгон «Азия Молл» соода борборун куруу үчүн Бабанов Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан алынган 17 миллион доллар кредит да кайра эле оффшордук фирмаларга тиешелүү экендиги туурасында убагында жакшы эле чуу болду эле го? Анан эле негедир баткан күндөй бул маселе закым болуп кетти. Ал тууралуу далай ММКлар жаза баштаганда Юстиция министрлигиндеги каттоо маалыматтары да сыйкырдуу түрдө жаңыланып, оффшордук фирманын жыты да калган жок. Ал тууралуу суурулуп чыккан суроо болсо оркойгон бойдон калды. Ал эми жана да битта суроо, убагында коррупция маселеси боюнча «Манас интернешнл сервис» компаниясына кылмыш иши козголгону. Бул да убагында коомчулуктун назарына түшүп, анан эле табышмактуу чуңкурга түшүп кеткен иш. Ошондо ачык эле айтылган, «Манас» авиабазасына күйүүчү май ташыган бул фирма Өмүрбек Бабановго таандык болгону. Ошондо канчалаган жашыл акчалар андагы авиа керосиндей эле кимдир бирөөнүн бочкесине, тойус чөнтөгүнө куюлуп турган. Натыйжада миллиард сомго жакын акчалар салыктан жашырылганы жакшы эле айтылган. Сот тарабынан бир нече чечимдер кабыл алынып, ал тургай кылмыш иши да козголгон. Бирок, баары акырындык менен унуткарылды. Кийинки суроолор сериясынын бири – НТС телеканалынын тарыхы. Кезинде В.Хон аттуу жаран түптөгөн бул ТВ адегенде Бабановго, андан кийин бир катар чаптама фирмалар аркылуу Максим Бакиевге өтүп, акыры аягы кайра эле Бабановго кайрылып келген. Азыр да бул канал Бабановго жан тартып келет. Бул да болсо будамайланган нерсе. Кыскасы, чыны менен эле бул жигитке азыркы билермандарыбыз коррупция менен күрөшүп жатабыз деп добулбас кагып жатканынан улам айта турган болсок жана да С.Жээнбековдун шайлоо алдында ага карата айткан сөздөрү ал киши өзү айткандай чындап эле өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылган болсо анда эл накылында айтылгандай «хандын сөзү эки болбош керек». Ага ак тилек айтып, ак жол каалап, «Жаратканым жамандан сактасын сени, дос болуп жүрүп кас болуп калгандан сактасын сени, ар дайым жолуң ачык болсун» деп жан дили менен, таза тилеги менен бийлигин тынч жол менен өткерүп берген досун деле аяган жок го?

…Эми, Ө.Бабанов жөнүндөгу жогорку айткандарыбыз муз тоолорунун чокусу гана. Ал эми анын көп сандаган фирмаларынын артында канчалаган буюктуу издер жатат. Ошондуктан, эл азыр С.Жээнбековду карап турат, Бабанов тууралуу айткандары анык беле же ошол мезгилдин гана “рекламасы” беле деген маанайда. Биз болгону жүрналисттик парзыбыз менен болгон окуяга, айтылган сөздөргө гана таштадык. Калганы негизги маселе оноякта, Ак үйдүн эң бийик кабатында.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: