Menu

“Коопсуз шаар”: Оюн дале уланууда…

Бөлүшүү:

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети Россиялык «Вега» концерни менен Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча акыры келишим бекилди болду. Буга чейин сынак аталган мекеменин эл алдында абийирин төгүп, улам үзгүлтүккө учурап келген эле. Кыязы, эми жеңилдей түштүк окшойт,ия? Үх-хх…Ошондо эмне, эми «Коопсуз шаар» ишке ашканы калдыбы? Бирок…

Бирок буга олуттуу шек бар… Минтип бир чети чочулаганы­быз, бизде ар дайым боло кел­гендей эле, «иттин өлүгү» иштин так аки-чүкүсүндө катылып жаткандай…?

Биринчиден, ошол кели­шимге кол коюлгандан кийин өткөн маалымат жыйынын­да «Веганын» өкүлү жана биз­деги МТБМКнын башчысы түшүнүксүз, карама-каршылы­ктуу билдирүү жасашпадыбы. Мисалы, Россиялык «Концерн радиостроения Вега» ААКнын башкы директорунун орун ба­сары Сергей Калмыков: «Ко­опсуз шаар» долбоору боюнча алгачкы комплекстер 90 күндүн ичинде пайдаланууга берилет. Андан кийин калган комплек­стер пландуу түрдө ишке кир­гизилет. Жолдо жүрүү эрежеле­рин бузуунун стационардык же уюлдук комплекстери пайда­ланууга берилеби, жокпу, аны азырынча айтыш кыйын. Биз иштелип чыккан план боюнча иш алып барабыз», – деп билдир­ди. Мындай билдирүүдөн кийин «Иштердин ырааттуулугу анык­талбаган бул кандай план бол­ду экен?» деген суроо жаралат. Экинчиден, анын айткандарын МТБМКнын башчысы Бакыт Шаршембиев минтип толук­тайт: «Стационардык комплек­стерди орнотуу кыйла убакытты талап кылат, анткени аларды ар бир кесилиште орнотуу үчүн бул жаатты тейлеген мамлекеттик органдардын уруксаты керек, мындай уруксат азырынча жок». (Вот это, «компот»!) Бул ого бе­тер түшүнүксүз… Баса, создугуп кеткен сынактардын ортосун­дагы тыныгуудан пайдаланып, МТБМКга мындай уруксатты ал­ганга эмне тоскоол болду экен?

Эми айып пулдарды бөлүштүрүү жагына келе­ли. Көрсө, аларды кантип бөлүштүрүүнү аныктоо үчүн Өкмөттүн атайын токтому ке­рек экен (муну деле мурдараак чыгарып койгонго эмне жолтоо болгон десең?). Бакыт Шаршем­биев: «Инвестор – компания са­лынган айып пулдун суммасына карабай, белгиленген сумманы алып турат. Калган сумма кы­ргыз тарапта калат. Чынында, акча кандайча бөлүштүрүлөт, бул азырынча түшүнүктүү эмес. Чогулган айып пулдун сумма­сын бөлүштүрүү өкмөттүн ток­тому менен аныкталат. Мындай токтом азырынча кабыл алына элек. «Коопсуз шаар» долбоору­нан түшкөн кирешени Бишкек­тин мэриясы, ИИМ жана УКМК алат», – деди. Кызык, бул жерде УКМКнын кандай тиешеси бар? Мынчалык болду, анда ветери­нардык кызматты деле «Коопсуз шаар» долбоорунун эсебинен каржыласак кантет?

Кыскасы, оюбузду ортосу­нан оюп айтканда, Россиялык инвестор – компания акыбети кандайча кайтаарын билип бил­бей туруп эле долбоорго кирет экен? Ал ортодо: «Кыргызстан­дын бийликтери тагылган айып пулдун басымдуу көлөмүн чо­гулта албай калса эмне болот?» деген негизги суроо андан бе­тер түшүнүксүз бойдон калууда. Алардын жоопкерчилиги кан­дай? Анда инвесторлор менен кантип чечишүү керек? Айталы, «Веганын» камералары өз ишин жасап, тартип бузууларды тар­тып алды дейли, а бирок каттал­ган дареги боюнча жашабаган айдоочу айып квитанциясын албай калганы аныкталсачы? Анын үстүнө келишим МТБМК менен түзүлүп, ал эми акчаны чогулта турган ИИМ болуп ат­пайбы, мунун ага такыр эле кы­зыгы жок эмеспи?

Анан дагы бир ой, эгерде рос­сиялыктар бул бизнестин пайда­сыз экенин түшүнсө, анда эмне кылат? Соттошобу? Долбоорду токтотобу? Муну жакында биле­биз го деп чочулайм. Бирок кыя­зы, оюн азырынча улана бермет окшойт…

Руслан ИСАЕВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: