Menu

Суваналиевди тай союп коноктогусу келген Атамбаев

Бөлүшүү:

Күн өткөн сайын айласы куруп бараткан Атамбаев бийликте турган кезинде көз карашы туура келбеген саясатчыларды оозго алгыс сөздөр менен ашатып, элге “ташбараңга алгыла, эл бузарларды” деп айтып жүргөнү эсибизден чыга элек да. Бийликтен кеткенине жыл айланбай “эл бузар” деп атаган саясатчылар менен эптеп жол таап жолугуунун айласын издеп жүрөт. 3-4 саясатчы менен жолугуп, өз короосуна тартууга аракетин да жасап көрдү. Анысынан азырынча майнап чыга элек, Генерал Суваналиев баш болгон “Каршылык көрсөтүү кыймылы” “Атамбаев президенттикке жарабайт, анын колунан бузукулук гана келет, өлкөнү башкарууга дараметсиз” деп алты жыл бою сындап келди. Атамбаев дагы Суваналиевди эл алдында аброюн түшүрүү үчүн өлкө башкарган адамдын оозунан чыкпай турган сөздөрдү айтып дөөрүдү. Эми болсо, саясий күнү батып баратканын аңдаган АША Суваналиев баштаган “Каршылык көрсөтүү кыймылынын” лидерлери менен жолугушуу үчүн ортого адам салып жатканы акылга сыйбай турган иш да. Атамбаевдин “көпүрөсү” болгон адам “Силерди Атамбаев “Форумга” эмес, Кой-Таштагы үйүнө сыйлуу конок катары чакырып жатат. Семиз тай соё турган болууда. Чай үстүндө өткөн-кеткен тууралуу сөз кылгысы келип жатканы айтылды. Семиз тайын жеп келбейсиңерби?” деп чакырууну жеткизсе, берки тараптан “Жети жыл Атамбаевди колунан эч нерсе келбеген адам экенин айтып, өлкөнү башкарууга акыл-парасаты, жөндөмү жок деп жүрүп, эми жаңы салган хансарайына тай союп чакырса чуркап бармак белек. Атамбаевде уят жок болсо, аны менен сүйлөшүүгө баргандан биз уялабыз. Семиз тайды сойдуруп, этин ыштап, сүрсүтүп койсун. Кокус камалып калса кереги тийет” деген жоопту угуптур.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: