Menu

Түндүк Корея жаңы куралын сынаганын маалымдады

Бөлүшүү:

Түндүк кореялык басылмалар Пхеньян “тактикалык башкаруудагы кубаттуу куралын” сынаганын маалымдады. Сыноо Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жетекчилиги алдында өттү.

Билдирүүдө курал тууралуу кенен маалымат жок, бирок батыш аналитиктери кеп деңизде, абада жана кургак жерде жайгаштырылган тактикалык курал тууралуу болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Пентагондун кабарлашынча, байкоо системасы Түндүк Корея тарабынан ракета кое берилгенин каттаган эмес.

Адистер бул сыноо менен Пхеньян Вашингтонго позицияны жумшартуу зарылдыгы тууралуу белги берген болушу мүмкүн деп эсептешет. АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен экинчи сапар Ханой шаарында жолугушканда, биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан. Буга Пхеньяндын өзөктүк куралдан арылууга ниети жок экени себеп болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: