Menu

Оторбаев Астанада!

Бөлүшүү:

Экс-премьер Жоомарт Оторбаев Назарбаевдин чакыруусу менен “Астана-клуб” аттуу дүйнөлүк атактуу эксперттердин жыйынына катышууда. Кайран киши мекенинде эч кандай ич жылытарлык ийгилик жарата албаса дагы, гастролердон бешбетер эми ар кайсы эл аралык конференцияларга катышып, акыл үйрөтүп жүргөнүн карасаңар. Кыргыз элине килейген галстук тагынганды эле үйрөтпөсө, башка жетишкендиги болгон эмес. Мектеп физика мугалими Текебаев бул окумуштуу физикти, академиктин баласын жана Нанаевдердин жээнин премьер-министрликтерге чейин көтөрүп, Атамбаев экөө учурунда далай эле чартаң тептиришти го. Ал эми Кулматовго коюлуп аткан мектеп курулушу боюнча доомат так ушул Оторбаевдин буйругуна барып такалары неге айтылбайт? Россиядан келген 200 миллион доллар акчалар дагы Оторбаевдин учурунда “Крокус” фирмасы тарабынан уурдалып кеткеничи? Буларга Оторбаев жооп бербей жүрө береби?

Булак: «Жаңы Ордо»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: