Menu

Башчысын пир туткан элбиз

Бөлүшүү:

Кыргыз, кыргыз болуп жаралганы саны жагынан чакан эл боло туруп өзүнө тиешелүү аймакты ээлеп, өз очогунан түтүн булатып келе жатканынын сыры эмнеде экен деп ой жүгүртүп көрсөк, атадан балага өтүп келе жаткан каны менен кошо айланган улуу наркында. Эч жерде жазылбай, эч бир архивде сакталбай көкүрөк дээринде сакталып келе жаткан улуу мурасы -улуу элдин учугун улап, көчүн токтотпой жашатып келе жатат. Эчендеген башчыларды, эчендеген даанышмандарды, Манастай баатырды – эл чыгарган. Эли даанышман болмоюн -даанышман чыкпайт, эли баатыр болмоюн – баатыр чыкпайт. Ой токтотуп карап көрсөк эл тилек менен, бата менен жакшылыкка оодарып, жакшылыкты жалгап, жамандыктан коргоп бүтүндөй эл эли менен, журт журту менен Манас баатырды жаратышкан. Аңдыган душмандарды, көрө албас ичи тарды адаштырып тергеп атын чокорто айтпай, башка ат менен аташкан. Кыргызымдын жашоо философиясы-жамандыкты оозанбай, жакшыны айтып, жакшыга жоруп, басса-турса күбүрөнүп тиленүүсүндө. Тилек. Бата. Булар элибиздин октой таамай тийген куралы катары кабыл алынган.

Жер каймактаганда эле эң алгач сөз пайда болгон дешет. Демек, Сөздүн күчү, улуу кудурети адамзаттын жашоосуна өтө олуттуу шарапатын тийгизип келе жаткан бирден бир улуу курал. Ооздон чыккан сөздүн жаны бар экенин, анын ишке ашаарын, замандын баардык катмарында сезип билип, сөзгө этият мамиле кылып келген болсо керек. Муну айрыкча кыргыз элиндеги сөз жөнүндөгү макалдардын пайда болгонунан байкоого болот. “Ойлонбой сүйлөгөн, онтобой ооруга кабылат “Айтканга чейин сөз сенин кулуң, айтылгандан кийин сен сөздүн кулусуң” жана башка ушул сыяктуутаамай айтылган ойлор. Андан сырткары кыргыздын салтында сөздү сөз сүйлөй алган гана адамга берген. Жаман сөз сүйлөгөн адамды “оозу жаман” деп элден чыгарганга чейин барышкан.

Адамдардын айбандан айырмачылыгы -сөз. Демек, биздин ой жүгүртүүбүз, дүйнө таанымыбыз, көрөңгөбүз, пейилибиз, өзөгүбүздө жаткан адамдык сапагыбыз сүйлөгөн сөзүбүздөн эле ачык-айрым билинип турат экен. Тагдырыбызды, жашообузду да оозубуздан чыккан сөзүбүз жетелеп жүрүп отурат окшобойбу. Элибиз “Сөздү көп сүйлөсө тантык болот” деп, эзелтен эле сөзгө өтө олуттуу маани берип, сөзгө жыгылганды билип, оозунда сөзү бар даанышмандарды пир тутуп, көп сүйлөбөй, ой баккан эл болгон экен.

Азыркы жашообуздагы башаламандыктын себепчиси да өзүбүз экенибизге көзүм жетти. Оозубуздан жакшы сөз чыгышы кыйын болуп калды. Жамандыкты аңдып, ошонун ишке ашып кетишин күтүп жашап жаткандайбыз. Көзүбүз көрүп турган жакшы нерсеге ишенбейбиз, жамандыкты угаарыбыз менен көбүртүп айтып чыгабыз.

Бүгүн мен, Президентибиз Сооронбай Шарипович жөнүндөгү өзүм көргөн.байкаган жакшы нерселерди бөлүшкүм келди. Бою келишкен салабаттуу, салмактуу кыргыз жигити ак калпак кийип келе жатса көзгө толумдуу. Ичиң жылып жөнөкөй жана карапайымдыгына ыраазы болосуң. Ушундай оор кырдаалда элдин жүгүн алып, жакшы жолго үндөп, жан үрөп аракет кылып, түн уйкусунан кечип жүргөнү байкалып турат. Ичинде арамдыгы жок, жасалмасыз сүйлөгөн сөздөрү укканды ынандырып, шыктандырат.

Мындан бир топ жыл мурда Оштун губернатору болуп турганда кабылдамасында болуп, жакындан баарлашканым бар. Кабыл ала турган күнүн жарандар билет экен. Ошол күнү отуздан ашык адам кезек күтүп туруптур. Элди үчүнчү кабатка, өз бөлмөсүнө убара кылбай биринчи кабаттагы жыйындар залынан кабыл алып жатты. Мен элдин эң аягында болгонум үчүн күтүп, байкап отурдум. Баары менен жеке сүйлөшүп, маселесин бир туугандай жакын отуруп угуп, чече турган орун басарларына дароо дайындап, киргендерди ыраазы кылып чыгарып атты. Мен карап туруп ушул көрүнүштөн адамдык улуу касиетти, аталык камкордукту байкадым. Менин кезегим келип, киргенимде чарчагандай түрү жок. Жайдары, сергек кабыл алды. “Саламатсызбы? Сизди карап отуруп мен чарчап кеттим. Рахмат пейлиңизге. Элимдин сиздей уулдары өссө, элге кут-береке келмек. Ылайым зоболоңуз көтөрүлө берсин”-деп, ийгилик каалап турдум. Сүйлөшө келгенде сөздү кунт коюп угуп, дароо чечим чыгара билген шарлыгы бар экен. Сөзгө өтө олуттуу маани бергенин, өзү да жасалмасыз, түз сүйлөгөнүн байкадым. “Сөздү уга билген адам гада сөздүн өтөсүнөн чыгат”-деген апамдын сөзүн эстедим. Ошентип он, он беш мүнөттүк жолугушуу Сооронбай Шарипович жөнүндөгү көңүлүмдүн бир бурчун жарык кылды. Ошол жарык улам көбөйүп отуруп сыйга айланды. Байыркы кыргыз бабалардын келбетин берип турган кыргыз Президенти кут болсун элим. Биз өлкөбүзгө келип калган кутту Сайкабай, кабыл ала албай жатабыз. Баарыбыз жапырт колдоп, колубуздан келген жакшылыктарыбыз менен бөлүшөлү. Жок дегенде жакшы сүйлөп, жакшы ой жүгүртөлү.

Интернеттен Президентибиздиң жубайы жөнүндегү жасалма сүрөттү көрүп зээним кейиди. Президентибиздин жубайын биринчи жолу ант берүү аземинде отурган жеринен көрдүм. Эч убакта атак-даңкка манчыркап кете турган аялзаты эмес экени көрүнүп турат. Көргөн, билген касиеттүү жердин кызы экенин байкоого болот. Карап туруп “Эрди эр кылган аял” деген сөздүн чыи экенине дагы бир жолу ынандым. Кадимки кыргыз энесинин турпатын көрдүм. Турган турпатты, сүйлөгөн сөздү, өң-келбетти ондоо, ошону эл көзүнө жагымдуу алып жүрүү эмне экенин, ырыскы-кутту кырсыктырбай тактай билүүнүн сырын билген Айгүл Токоева эжеге таазим.

Келгиле, улуу журт! Аталардын улуу наркын карманалы. Жакшылыкты ойлоп, келе жаткан кырсыкты жакшы сөз минен жойгонго калыптаналы. Биз башчыбьңды жаман десек-демек, өзүбүз жаманбыз. Аталардан калган Улуу наркты карманалы, тутуналы. Жакшылыкты жалгайлы, ниетиби3ди, ойлорубузду ондойлу. Эл башчы – элдин күзгүсү.

Сонунбүбү Кадырова

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: