Menu

Үч жыл ичинде Кыргызстандын жеңил өнөр жайы 15%га өстү

Бөлүшүү:

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстандын тигүүчү өнөр жайы 15% өстү.  Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстандын жалпы экспортунда аталган тармак үчүнчү орунду ээлейт

“Сегиз ай ичинде биздин тигүүчү өндүрүштөр 657 миллион долларга бааланган товар экспортко жөнөткөн,” – деп белгилеген ал.

Ошондой эле  аткаминер өлкөнүн жеңил өнөр жайынын  дээрлик 30% көлөкөдөн иш алып барганын айткан.

“Биздин көптөгөн тигүүчүлөр мамлекеттик колдоо  жөнүндө билишпейт. Биз азыр мамлекеттик программаларды жарнамалап жатабыз. 2018-жылы тигуучу өнөр жайды мамлекет 1,2 миллиард сомго каржылаган. 2019-жылы жеңилдик менен берилүүчү насыялардын көлөмүн көбөйтүү каралган”, – деп билдирген Элдар Абакиров.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: