Menu

Депутаттык төш белги тагылган дамбал баяны

Бөлүшүү:

Кайнакай мындай саамалыкты ал кездеги ашкере мекенчил саясатчылардын бири баштады го. Анан айыл-кыштактарда, мекеме менен мектептерде “Край таануу” деген музейлер ачылып, ага археологиялык табылгалар, эзелки турмуш-тиричилик буюмдары, белгилүү инсандарга таандык кийим-тейимдер да чогултулуп, бул ишке балакайлардан бери тартылган эле. Мындай жалпы элдик кыймылдан менин айылдаштарым да четте калбаган окшобойбу. Ушул жерден да таланттуу жердештерим азилкечтигин көрсөтүп, өзгөлөрдөн өткүсү келгенби – музейдеги экспонаттардын бири катары депутаттык төш белги тагылган аялдын 60-размердеги дамбалын атайын стендге коюшуптур. Бул арийне кандай гана көрүүчү болбосун кызыгуусун жаратаары белгилүүда. Анын үстүнө япондук сумо күрөшүнө түшчү балбанга гана бап келчү дамбал менен төш белгинин ортосунда кандай байланыш барлыгы оборду ого бетер кызытчу табышмак эмеспи! Ал эми музейдин кийинки экскурсоводдору анын тарыхын так айталышпай көбүнчө ыңгайсыз абалда калышат.

Акыйкатында иш мындайча болгон: ушул айылдын кулуну Борбодой балакай чагында ата-энеден ажырап жетим калат. Адегенде ар кимдин колунда мискиндин аянычтуу күнүн өткөрүп, анан бир боорукер адамдардын аркасы менен жетим балдар үйүнө түшөт. Аерде үч-төрт жылча асыралып, анча-мынча сабаты ачылат. Жашы 15-16ларга келип калган боз уланды ошо кездеги кесипчиликке үйрөтчү ФЗОго которушат. Аердеги улгайган устаты жетимдин зиректигин, ишке жан таштап берилгендигин жактырып, өз баласындай мамиле жасайт. Ырасында эле дээринде куулук-шумдугу жок элеттик момун улан бир адистик алууга дилгир эле. Бул тирикарак, мээнеткеч өспүрүмдү тарбия берүүчүлөрү окуусун бүтөөрү менен жергиликтүү артель жетекчилерине сунуш кылышат.Бул жерде да ал кара жанды карч уруп иштеп, бат эле жамааттагы алдыңкылардын бири болуп чыгат.

Айтор жигиттин пири колдоп, ооматы жүрүшүп, ага ишеним көрсөтүлө баштайт. Адегенде чакан цехти, анан бригаданы башкарууну тапшырышат. Согуштун алдында ал директордун орунбасарлыгына жетип калган эле. Акыйкатында директор дегени граждандык согушка катышып, ден соолугуна запкы кеткен карыя коммунист болчу. Аны ордуна татыктуу кадр тапкыча деп эле кармап жатышкан. Иш дегенден башканы билбеген, өндүрүш жайы өз үйү, өлөң төшөгүнө айланган Борбодой резервде биринчи болуп турган. Согуш башталганда эле артель өз профилин таптакыр өзгөртүп, жалаң фронттогулар үчүн кийим-кечектерди даярдоого өттү. Ошондо күн тыным, түн уйку дегенди билбеген, ден соолугу да бекем, жөндөмдүү жетекчи керек эле. Бул милдетти аркалоого Борбодой даяр болуп калган эмеспи. Кырдаалга байланыштуу аны жетекчиликке ың-жыңсыз эле дароо дайындашты. Жаңы режимде иштей баштаган ишкана жоокерлер үчүн жылуу күрмө, шым, тор көйнөк, кийиз өтүк, мээлейден баштап, чулгоолорго чейин даярдап, анын жаңы партияларын улам фронтко жөнөтүп жатты. Өлкөнүн тагдыры ошондой кыл учунда турган опуртал кырдаалда кан майданда мыкаачы душман менен кан-жанын аябай салгылашып жаткан азаматтардын катарында болсом деп, Боркең да бир нече жолу аскеркомго кайрылган. Бирок, жалаң аялдардан турган эмгек жамаатын башкаруу үчүн иштин көзүн билген жетекчи туруш керек деп аны атайы бронь менен калтырып коюшкан. «Арпа ишинде бир бидай» деп казактар айткандай адис да, камкор кетекчи да катары учурдун талабына караша так иштөөгө, эмгек жамаатынын шык, демин арттырууга бүт күч-аракетин жумшады.

Албетте мындай кара жанды карч уруп аракеттенүү көз жаздымында калган жок. Согуштан соң аны шаардын коммуналдык чарба башкармасын жетектөөгө коюшту. Эр азаматтардын көбү кан майданда кайсалып, кадрдык каатчылык күчтүү кезеңде бул жетим жүрүп жетилген, ичинде кымындай карасы жок момун пенде партиянын өз баласындай болуп, ата-теги дегенде калыпка туптуура келчү. Ага баарынан жогорутурганы – өзүнө болгон ишенимди актап, милдетин кынтыксыз так аткаруу эле. Ошондон улам колдоо, сүрөөсү жок эле жолу ачылып олтурган да. Акыры аны министрлик кызматка да көтөрүштү. Буга жетим балдар үйүндө, анан ФЗОдо алган азыноолак билими, орусча он ооз сөздү чала-була үйрөнүп калганы да өбөлгө түздү көрүнөт. Баарынан ишке жараганы-жетимдик берген индульгенция болду.

Бирок, ооматы жүрүп, атпай журтка төбөсү көрүнгөндөн баштап, ага тууган-туушкан, жек-жаат, карын бөлө деген арбын табылып, баягы багар-көрөрү жок байкуш жетим бутактуу дарактай байый түшкөн эле. Арийне ал табылган тууган-тууш тамыр сөөктөрдүн ата-энесине кай жагынан жакындыгы барлыгы өзүнө табышмактуу эле. Анткени, айылдан кол үзгөнүнө отуз жылдан ашык мезгил өтүп, маркумдардын элеси да эсинен өчүп калган эле да.Бар болгону малайындай жумшап, мал артына салган эки-үч айылдык адам гана бөрүдөй ызырынылдаяк үйрүп турганы менен эсинде калган.

“Жумуш, жумуш” деп жүрүп, эмгек жамааты жалаң аялдардан турган артелди башкарганда да жубай күтүү анын оюна келген эмес. Мындай эркектин аңкагы ашынганы түгүл, аялдын адептүүсү да азыткы болуп азгыргысы келбейт бекен!? Борбоштун бойдок экенин билген бир-эки эрдин башын аттаган ойсеке жалпаңдап алды-артына чыгып, жагынуунун амалында болот. Башына жүн чыкканы аял затынын назына эсиркеп көрбөгөн энөө жан беркинин апсунуна кандайча арбалганын сезбей да калат. Ошону менен как төшүнө акыры түбүнө жетчү азезилди уялатып алганы анын түшүнө да кирбеген. Ал ортодо эмгеги сиңген жетекчилердин бири катары депутаттыкка да көрсөтүлөт Боркешиң. Шайлоочулар менен жолугушууларда анын аянычтуу балалыгы, жетимдиктин зардабы жана согуш учурундагы каарман эмгеги жөнүндө баяндалганда ага боору оорубаган, тан бербеген адам калбай турган. Анан ошол шайлоочуларына отчет бергени кийин бир барганында кара теке сүзүп олтурбайбы!

Бул окуя аптаптан шаар асфальты Суусамырдын сазындай былбыраган саратан күндөрү болгон. Тоонун абасын жугуп, шаркыраган суусуна түшүп сергип келүүнү эңсеген эргул депутаттык отчеттун шылтоосу менен алыскы районго жөнөгөн. Анда адаттагыдай райондун жетекчилери элди жыйып, жолугушууларды уюштурушкан. Ал эми ардактуу эл өкүлү борборго кайтар күнү суусу күрпүлдөп аккан, чер токою калың тоонун кооз булуңуна сый тамак тартышат. Урматтуу конокко мындай сый көрсөтүлүп эле жүргөндүктөн бул көнүмүш көрүнүш сыяктуу кабылданган. Совет доорунда партиялык жетекчиликке илингендер конок тосуп, узатуунун жол-жобосун, каада-салтын кармоону үйрөткөн мектептен өтүшчү.Ал улуу муундагылардан улам кийинкилерге сабак катары калып келген. Алардын арасында атты сууга апарып, суугарбай келген кескилери, адамды арбоодо алчы-таасын жеген жадыгөйлөрү да болгон. Ушул сапар да райкомдун 1-катчысы:—аксакал, «Эшек оюну кырк жылда» дегендей өлбөгөн жанга бир үзүр кылып, саябан жерде үлпөчүлүк жасап кетиңиз,-деп көндүргөн.Анын өзү да ошону самап келбеди беле! Ала-Тоо койнунда жаның ырахатка батчу жаннеттей жер баскан сайын табылат го.

Айтса, айтпаса төгүнбү- күндө майрам, күндө той болуп жатпаган соң пенде катары өзүнө да бир боштондук бериши керек эмеспи! Бейиш менюсунда да жок тамак-аш жайнап азиз мейман урматына тосттор удама-удаа айтылып, чакан топ чардап жатты. Казы-карта, куйрук-боор, анан шыңгыткан коньяктан дене-бой ымшып чыкпайт бекен! Бактыга жараша күрпүлдөгөн көк кашка суу карыш жерде агып жатат. Борбоштун тулку кадим сумо күрөшүндөгү балбандыкындай жумуру келип, салмагы 150-160ты чапчый турган. Анын көл-шал түшүп тердеп киргенин көргөн топтогулардын бири сууга түшүүнү таклиб кылат. Муну баары колдоп, жабыла чечинип киришет. Турпаты кериктикиндей болгон Борбош жай аккан сууга алымсынбай таштан ашып түшүп жаткан шарга жонун тосуп олтурат. Ошондо ычкырлык резинкеси бош турсыйы шыпырылып, тулкусу авиобомбадай болгон Боркең качкан «калканды» шап кармоого шаасы келбей калат. Окторулган тоо суусу ачып көздү жумгуча аялуу “белдикти” алып жөнөйт да аны кармоо боюнча аламан башталат. Бул бир саатка созулган чабаган учурунда суудан чыкпай олтурган эл өкүлү ичкен-жегени ириң болуп, калчылдап дыгат. Анын аялуу жерин бекиткени дасоромол тартып, төшөккө жеткиришет. Аны эңги-деңги абалдан чыгарыш үчүн пияланы толтура коньяк жуткурушат. Мурдагысы, кийинкиси, кокустуктун соккусу болуп, Борбош оонап түшөт. Эми конок күткөндөр үчүн райондук масштабдагы проблема турат – өздөрүнүн өкүлү катары Жогорку Советке шайланган депутатты ыштаны менен жөнөтүү, жанагы дамбалды кармоо операциясына катышкандардын ар бири өз ыштанын чечип берүүгө даяр болгону менен биринин да размери туура келмек эмес. Андыктан жанжигиттердин бирин дамбал таап келгени райборборго аттантуу керек болду. Ал кезде азыркыдай атайын кийим-кечек, бут кийим дүкөндөрү жок – самын, тузу, кетмен, күрөк, уңгусу бир эле дүкөндө сатылчу. Бирок, ич кийим, тыш кийим, костюм – шым деген дегеле түшпөй турган. Ушунун өзү дамбалга жөнөтүлгөн чабарманды бушайман кылып, мазесин кетирет.

Жанагы «мамлекеттик тапшырманы» алган кайбарың биттин ичегисине суу куйчу шумпай окшобойбу —чаап баратканда эле тургундардын кимисинин көчүгү тегирмендин ташындай экенин көзүнө элестетип кирген экен. Ошондо оюна райбыткомбинатта бухгалтер болуп иштеген Мариванна түшөт. Семиздигинен теңселип араң баскан аялды көргөндөр бир чети таңдана, бир чети аяп да карашчу. Анын толук аты Мария Ивановна болгону менен жергиликтүүлөр жеңилдетип Маривана коюп, ушинтип кайрылышчу. Кан Кошойго кандагай издегендей чабарман шумпай ошол аялдын дамбалын сурап апмак болот. Кудай жалгап Маривана кир-когун жууп, короосундагы кермеге илип койгон экен. Сурап убара болуп убакытты бөөдө кетирбес үчүн шумпайың дамбалды шак илип эле кайра тартат.

Ошол учурда жээкке ыргытылган киттей жанынын бары-жогу билинбей литургиялык уйку абалында жаткан Боргуштун абийирин сактоо боюнча аракет аягына чыгарылат. Ал аптабачылардын дамбалда кандайча кийгизишкенин туйбай да калат. Саал эсине келгенде жөлөп-таяп өйдөлөнтүп, алдына баглан козунун башы менен жамбашы тартылат. Аштейдин ачылышы үчүн деп армян коньягынан дагы үстөлөт деңизчи! Ошондо кайран лөгүң кереолин жуткан балыктай кайрадан ооноп түшөт. «Машинеге салып жиберсек, узак жолдо ары-бери чайпалып, соолугат» деп билермандардын бири акыл айтканда бул абалдан чыгуунун аргасын таппай беймаза тартып тургандар алкап да калышат. Төөнүн гөшүндөй көөдөндү машинеге көтөрүп салуу да мейман күткөндөргө оңойго турду дейсизби…

Айткандай эле андагы жалаң аңы-дөңү арбыныраак алыскы жолдо урунуп-беринип жатып, түн жарымында үйгө жеткенде Боргуш босогодон аттаганга араң жараган. Бирок, дал ушул учурда күтүлбөгөн жерден “бомба” жарылат. Анын ич кийимдерин алмаштырып жаткан аялы эринен чоочун пантолонду көргөндө чаңырык салып, чалкасынан кетет. Баягы сууга түшкөндөгү окуя мастыктын айынан Боргуштун эсинде калган эмес эле. Муну бирөөлөр жасаган провокация деп актанайын десе, бетке кармагыдай эч жүйө да жок. Бечера не дээрин билбей дапдаарып олтуруп калат. Аялы ансайын алкынып.айкырып, командировкага эмес, бир шуркуяга барган турбайсыңбы деп, үйдү үч көтөрөт. Айтор, бул түн тозоктогудай тополоң менен Боргуштун жети өмүрүн жерге житирип өттү. Ачууга алдырган албуут аял эртеси дамбалды көтөрүп, парткомиссияга барат. Айтор бул чырдын аягы Боргудайдын моралдык жактан бузулгандыгы катары бааланып, кызматтан алынышы менен бүтөт. Кийин суутартылганда кемерге кептелип калган турсы табылып, аны алып келишкенде кеч болуп калган эле. Баягы маскарасын чыгарган масганы менен ажырашкан Боргуш айылга келип, чарбанын ар кыл жумуштарын ак аткарып жүрөт. Анын көзү өткөндө өздүк буюмдарын тескегендер жанагы төш белги тагылган дамбалды көрүп, кийин музейге өткөрүшкөн турбайбы… ‘

Ильгиз Талип

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: