Menu

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин талкулоо боюнча отурумга депутаттар келбей коюшкан. Ага Рита Карасартова нааразычылыгын билдирген

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрда өткөн “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндөгү” парламенттик отурумда Жогорку Кеңештин депутаттары катышпаганына укук коргоочу Рита Карасартова нааразычылыгын билдирди.

“Эмне үчүн биз парламенттик угууларда катышабыз, ал эми депутаттар келишпейт? Биз аларга өзүбүздүн кеңешмелерибизди брип, аларды депутаттар  угуп, карап беришсе дейбиз. Биз болсо маселелерди бири-бирибиз менен гана талкуулап коюп отурабыз,” – деп билдирген ал.

Рита Карасартова эмне себептен фонддун бюджети саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинен өзүнчө каралып жатканына кызыкты.  “Бул кырдаалда каражаттар кайда кетип жатканы көрүнбөй жатат. ММКФ ар дайым бирдей суммадагы каражаттарды сурайт. Демек, фонд медициналык камсыздандырууну кеңейтүү маселесин карабайбы?” – деп суроо берген ал.

Укук коргоочунун айтымында, бөлүнгөн каражаттардын жарымын фонд стационарларды камсыздоого жумшайт, чындыгында болсо басымды профилактикага жасоо крек.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмил Токтошевдн айтымында,  отурумга депутаттар чакырылган, бирок алар келе алышкан эмес. Ошондой эле ал аталган отурум ММКФнын бюджетин талкулоого арналган биринчи отурум экенин белгилеген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: