Menu

Өлкөдө турак жайлардын 15 пайызы гана камсыздандырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрда “Республика- Ата Журт” фракциясынын жыйынында курулуш бизнес чөйрөсүндөгү бүгүнкү кырдаал жана шаар куруу, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселени талкууга алышты.

Күн тартибине коюлган меселе боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баяндама жасады. Анын айтымында өлкө аймагында жалпы 1 миллион 157 миң турак жай болсо, анын 15 пайызга жакыны гана камсыздандырылган.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Жумагүл Эгембердиева айыл жериндеги камсыздандыруу төлөмү жылына 600 сомду түзөөрүн, камсыздандыруу 18 тобокелчиликке карата жүргүзүлөрүн маалымдады.

Жыйынтыгында курулуш, чөйрөсүндөгү бүгүнкү кырдаал боюнча Замирбек Аскаровдун маалыматы эске алынып, фракция жыйынында айтылган сунуш-пикирлер тиешелүү министрликтерге жолдонмой болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: