Menu

“Ооруканалардагы керебеттерди эффективдүү бөлүштүрүү жана стационарларга болгон басымды азайтуу керек” – Саламаттыкты сактоо министрлиги

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо системасын реформалоодо учурдагы бар адистерди жана каражаттарды эффективдүү колдонуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга карата бюджетин” талкуулоо боюнча парламенттик отурумда аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Мадамин Мусаев билдирди.

“Бүгүнкү күндө каржылоонун басымдуу бөлүгү стационарларды камсыздоого кетип жатат. Эгерде биз биринчи жардамды жандандырсак, стационарларга болгон басым азаят” – деп белгилеген ал.

Ошондой эле аткаминер ооруканалардагы  керебеттерди бөлүштүрүүдө дагы көйгөйлөр бар экенин белгиледи.

“Республикалык ооруканаларда 52,5 миң керебетүү орундар бар. Бирок алардын 25 миңи гана иштейт. Аларды эффективдүү бөлүштүрүүдө көйгөйлөр бар.  Бизде мисалга калк аз болгон аймактарда керебеттүү орундар көп болгондугу жөнүндө маалыматтар бар. Андан сырткары, негизсиз госпитализациялоо боюнча дагы  маселелер бар,” – деп билдирген Мусаев.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: