Menu

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов студенттер менен жолугуп, майрамдары менен куттуктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов студенттер менен жолугушуу өткөрүп, аларды келе жаткан майрамы менен куттуктады.

Жолугушууга Кыргыз-орус славян университетинин, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Инновациялык кесиптер институтунун, Өрт коопсуздугу кафедрасынын, Ош технологиялык университетинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери  катышышты.

Иш-чаранын максаты “куткаруучулук” кесибин даңазалоо, жаш муунду патриоттуулукка, Ата-Мекенге кызмат кылууга, эл арасында кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда кайдигер болбоого үндөө жана 17-ноябрь Эл аралык студенттин күнү менен куттуктоо болуп саналат.

“Азыркы мезгилде министр же башка жогорку кызматтарда иштөө үчүн ашыкча мартабалуу адамдардын балдары гана жогорку кызматтарга дайындалат –  деген ой жаңылыштык. Ар бир адам жашоодо максат коюп, ошого аракет кылса, жараткан тилегин берет. Ошондуктан мен сиздерге талбай билим алып, алдыга максат коюп, эл керегине жараган уул-кыздардан болушуңуздарга тилектешмин”, – деди Мирзахмедов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: