Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Атамбаевдин саясий технологдору мени «саткын» деп аташууда, убакыт баарын ордуна коёт, мен катуу күрөшкө дайым даярмын”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду, президент болуп иштей баштагынан бери 1 жыл өттү. Мына ушул даталарга байланыштуу президент 24.kg сайтына берген маегинен үзүндү жарыялайбыз:

Алмазбек Атамбаев жөнүндө

— Сиздин шайлоо алдындагы урааныңыз — «Кыргыз көчү жолун улайт». Бул сиздин Алмазбек Атамбаевдин жолун улайт деген. Сиз экс-президент менен акыркы жолу качан сүйлөштүңүз эле?

— «Кыргыз көчү жолун улайт» деген ууран менен чыкканмын. Бул жол жеке меники да, сиздики да, же дагы бирөөнүкү да эмес. Бул жол өлкөнүн, нечен кылымдык тарыхы бар элдин, улуу кыргыз элинин көчү. «Бектер кетет, эл калат», ал эми көч улана берет. Дал ошол жолду мен улап баратам жана улай бермекчимин.

Акыркы жолу мурунку президент менен 29-мартта КСДПнын съездинин алдында жолукканбыз. Анда 4 сааттан ашык сүйлөштүк. Андан кийин жолуккан жокмун.

— Сооронбай Шарипович, Алмазбек Атамбаев экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эмне болгонун азыр ачык айта аласызбы? 20 жылдык достуктан кийин эмнеден улам мамилеңиздер сууп, эки ажырым жолго түштүңүздөр?

— Анын 31-мартта айткандары мен үчүн күтүүсүз болду. Ал мени жемкорлукка, ЖЭБдеги кырсыкка айыптады.

Партиянын съездине Ош облусундагы партия бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Алар партия үчүн да, Атамбаевдин өзү үчүн да оор учурда жанында болушкан.

Мен кескин өзгөрүүгө абдан таң калдым.

Мен аны менен айрылыш жолго түштүм деп эч качан айткан эмесмин. Ооба, биз бир партияда көп убакыт бирге болдук. Бирок, мени кандайдыр бир үчүнчү жактардын колу менен жетелеме жетекчиге айлантуу, мени башкаруу аракеттери Атамбаевге адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да намыс алып келбейт.

Анын эмнеге умтулуп, эмне максатты көздөгөнүн түшүнө албай койдум. «Досум», «партиялашым» дегенге жакын, бирок достор менен партиялаштар мындай кылбайт.

Ал ортодогу 20 жыл тууралуу көп айтат. Мен деле ошол учурда жөн эле отурган жокмун да. Биз партиялаштар менен биргеликте партиянын позициясын Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде бекемдөө менен алек болдук. Кыйын учурда, өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагындагы тоскоолдуктарды жеңүүдө мен дайыма жанында турдум. Керек болсо жанында киши калбай калганда, коркутуп-үркүтүүлөргө карабай мен жанынан карыш жылган эмесмин. Ал тургай андан баары качып кеткен күндө дагы менин үй-бүлөмө, туугандарыма жана өзүмө коркунуч туулуп жатканда дагы аны менен бирге болуп, 2009-жылы штабын жетектетим.

2010-жылдагы июнь коогалаңында өлкө биримдиги үчүн карьерам эле эмес, керт башымды да тобокелге салдым. Төш каккылай бергим келбейт, бирок бул чындык. Атамбаев муну жакшы билет. Анын саясий технологдору мени «саткын» деп атаганды жакшы көрүшөт. Убакыт баарын өзүнүн ордуна коет.

КСДПнын курултайына партиянын Ош облусундагы өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Алар партия жана Алмазбек Атамбаев үчүн оор жылдары таяныч болуп туруп беришкен.

Окуянын мындай нукка бурулушу мен үчүн дагы таң калыштуу болду.

— Баардык президенттердин арасынын сизге оор болуш керек. Анткени, күчтүү оппонентиңиз жаныңызда, башкалар сыяктуу качып кеткен жок. Алмазбек Атамбаев ЖМК аркылуу дайыма өз оюн билдирип келет. КСДП штабында сизди кыйытып сындагандар болот, мындай саясий атаандаштык сизди чыңалдырбайбы?

— Мен азыр мамлекет башчысымын. Катуу күрөшкө дайым даярмын. Ийгиликке жеңил жол эмес, күрөш, эмгек менен жеткенмин.

Буга чейин дагы, мындан кийин дагы бир гана мамлекеттик принциптерге таянуу менен иш алып барам: Мамлекетти чыңдоо, өлкөнү өнүктүрүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо.

Негиздүү сындар айтылса кабыл алам, катамды оңдогонго аракеттенем. Бул мамлекеттик ишмер үчүн кадимки процесс. Негизи «сынчынын сыңар өтүгү майрык» болбосо болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: