Menu

Москвада Леонид Маевский камакка алынды, коммунист 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-ноябрда Москванын Тверь райондук соту РФ Мамлекеттик Думасынын мурунку депутаты, орусиялык ишкер Леонид Маевскийди “бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучудан ири суммадагы акча талап кылган” деген айып менен 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Тергөөнүн натыйжасында, Л.Маевский 2018-жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин Москвада белгисиз адамдар менен алдын ала келишип алып, жабырлануучулардан 37,5 миллион доллар талап кылгандыгы ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши 14-ноябрда козголуп, кийинки күнү ал камакка алынган. Эгер ал аталган кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылса, 7 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Айтмакчы, шектүү Л.Маевский өзү “сот отурумунда мамлекеттик коопсуздукка тийиштүү маселелер козголуп, ачыкка чыгып кетиши мүмкүн” деп “кооптонуп” сурангандыктан улам, анын бөгөт чарасына байланыштуу ишти сот жабык режимде караган.

Мамлекеттик Думанын 1999-2003-жылдардагы үчүнчү чакырылышынын депутаты, 2011-жылдан тарта курулуш материалдарын чыгарган “Юнитайл” компаниясынын негизги акционери, 2003-жылдан LV Finance инвестициялык компаниясын жетекчиси эсептелген, өз мекенинде ар кандай шектүү иштери менен белгилүү болгон Леонид Маевский Кыргызстанда дагы аябай “атактуу” адам. Ал 2017-жылы “мени алдап, ири суммадагы акча алышкан” деген доо коюп (азыр өзүнө коюлган айып сыяктуу), кыргыз сотторунун колу менен “Ата Мекен” партиясынын лидери, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаев менен белгилүү саясатчы Дүйшөнкул Чотоновду каматууга жетишкен болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: