Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң маани беребиз

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн артыкчылыктуу тармагынын бири катары саналган жеңил өнөр жайын колдоого алууга жана өнүктүрүүгө чоң маани берет», – деп билдирди, кечээ 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Текстилдик-тигүү тармагы жумалыгынын алкагында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасынын Текстилдик-тигүү өнөр жайынын аброюн жана улуттук маанисин жогорулатуу үчүн жагымдуу шартарды түзүү» форумунда.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт бизнес менен биргеликте өндүрүштүн жана продукциянын эл аралык талаптарга дал келүүсүн камсыздоо үчүн алардын стандарттарын жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти улантууну пландаштырууда.

«Биз тигүү тармагын өлкөдө «жашыл экономиканы өнүктүрүү» үчүн мыкты мүмкүнчүлүк катары карайбыз, мында экология, курчап турган чөйрө жана калктын саламаттыгы камсыздалат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы атамекендик тигүү тармагындагы дизайнерлердин жана тигүү продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жогорку чыгармачыл мүмкүндүгүн белгиледи, алар республиканы дүйнөнүн ири шаарларындагы мода көргөзмөлөрүндө татыктуу көрсөтүп келүүдө.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт продукциянын чет элдик рынокторго жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү үчүн мүмкүндүктү жана экспортту кеңейтүү, электрондук сооданы уюштуруу маселесин иштеп чыгуу  боюнча саясатты жүргүзөөрүн дагы бир ирет баса белгиледи.

Мындан тышкары, Премьер-министр белгилегендей, жеңил өнөр жайынын кубаттуулугун жана өндүрүштүк потенциалын кеңейтүү жумушчуларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу менен түздөн-түз байланыштуу.

«Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда түзүлгөн «Жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү фонду» акыркы 2 жылда эле 4 миң тигүүчү жана бычмачыларды даярдаган. Биз ишкерлер бул фонд менен келекчекте да тыгыз кызматташат деп ишенебиз», – деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы ошондой эле Форумдун сунуштары атамекендик жеңил өнөр жайдын алдында турган маселелер жана милдеттерди чечүүдө өз ордун табарына ишеним билдирди.

Форумдун ишинин жүрүшүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышуучулардын суроолоруна жооп берип, текстилдик-тигүү тармагын мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу айтып берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: