Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Facebook социалдык тармагын, маалымат сайттарын окуп, алардагы маалыматтар боюнча аппаратына тапшырмаларды берерин айтты

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду, президент болуп иштей баштагынан бери 1 жыл өттү. Мына ушул даталарга байланыштуу президент 24.kg сайтына берген маегинен үзүндү жарыялайбыз:

Социалдык тармактарда баракчаларыңыз барбы. Албетте сиз ал жакта олтурганга убактыңыз жок экенин түшүнөбүз. Бирок бир саамга бош убактыңыз болуп калса кайсы социалдык тармакты окуйсуз, ал жактан айгайлап жардам сураган бирөө-жарымды байкап калсаңыз, ага жардам берүү үчүн тийиштүү адамдарга тапшырма бересизби?

-Мага социалдык тармактар боюнча бир күндүк жана бир жумалык обзор даярдап берип турушат, социалдык тармактардагы тренддер боюнча маалыматтарды өз убагында алып турам.

Сейрек болсо да, бош убактым болуп калганда Facebook социалдык тармагындагы баракчама кирип турам. Бирок чанда гана.   

Менин жумушчу күнүм алдыңкы маалымат сайттарын окуудан башталат, радио угам. Кечинде үйдө интернетти карайм.

Менин аппаратымыдын жумшунун экинчи бөлүгү саат 21.00.дөн кийин башталат. Мен жардам берүүгө, көңүл бурууга же жооп берүүгө тийиш болгон маалыматтардын, кайрылуулардын шилтемелерин жөнөтө баштайм.

Ошондой эле мен биздин жарандардын активдүүлүгунө, жер-жерлердеги жолугушууларда бардык көйгөйлөр боюнча ачык айтып беришкенине, социалдык тармактарда менин дарегиме кайрылуу жасап турушкандарына кубанычтамын. Мен реалдуу турмуштан алыстап кетпешим үчүн бул президентке чоң жардам берет.

Кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: