2018-жылдын 20-ноябры кыргыз футболу үчүн дагы бир тарыхый күн болуп калмакчы. Анткени, Александр Крестинин жетектеген “ак шумкарлар” ушул күнү Азиянын эң бир “жеңиштүү” командасы Япониянын футбол курамасы менен беттешет. “Тойота” стадионунда өтө турган жолдоштук мелдеш Токио убактысы боюнча саат 19.20 дө башталат. (Бишек убактысы боюнча 16.20) Эки өлкөнүн футбол курамасы буга чейин бир да жолу кезигишкен эмес. Бул беттеш 2019-жылдын январь айында БАЭде өтө турган Азия Кубогуна даярдыктын алкагында өтүүдө.
Учурда толук курамы менен Японияда машыгууларды өткөрүп жаткан Кыргызстан улуттук курамасы бүгүн азиялык Чемпиондор Лигасынын жеңичүүсү “Кашима Антлерс” футбол клубу менен контролдук матч өткөрүүнү пландаштырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ