Бүгүн, 17-ноябрда Ингушетияда “М-1 Global” мелдеши өткөрүлөт. Анда 65 килограммга чейинки салмактык бөлүктө кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Россиялык Залимбек Омаров менен беттешет.
Бусурманкул Абдибаит уулу 25 жашта болсо, атаандашы Залимбек Омаров 30 жашта, экөөнүн спорттогу карьерасы окшош. Экөө тең 13 беттеш өткөрүп, 2 жолу жеңилүү ызасын тартса, 1 жолку беттешинде тең чыгуу менен аяктаган. Беттеш Бишкектин убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ