Menu

Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары эки өлкөнүн ортосунда 60 күн каттоосуз жүрө алышат

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары эки өлкөнүн ортосунда 60 күн каттоосуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, келишимге 2018-жылдын 1-февралында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кол коюлуп, 2018-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда Тажикстандын аймагына убактылуу барган Кыргыз жарандары, ошондой эле Кыргызстанга келген Тажик жарандары 60 күн каттосуз жүрө алат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: