15-декабрда Ошто облустук деңгээлдеги азан мелдеши өтөт. Жеңүүчүлөргө гаджеттер жана сынактын республикалык тепкичине жолдомо берилет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлады.
“Азирети Билал р.а.” аттуу азан сынагын Ош облустук казыяты жана “Мухаммед- Умар Ош” коомдук бирикмеси уюштурууда. Негизги максаты- азандын маани-маңызын элге жеткирүү жана азанды туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо.
Сынактын биринчи этабы райондордо өтөт, ал жактан тандалгандар облустук турга келет.
Сынакка мечит, медреселердин азанчылары гана эмес, азанды көркөм, туура окуган катардагы адамдар да катыша алат. Жашка чектөө жок. Катышуучулардын дараметин карылардан турган калыстар карайт.
Алдыңкы орунду алгандарга баалуу белектер ыйгарылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ