Эртең, 18-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүп, жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты улам өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” билдирди.
Маалыматка ылайык абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -6-11, күндүз +2+7;
Таласта түнкүсүн -4-9, күндүз +4+9;
Баткенде түнкүсүн -2+3, күндүз +8+13;
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3-2, күндүз +10+15;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3-8, күндүз +3+8,
Нарында түнкүсүн -12-17, күндүз +0+5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана таңга жуук туман түшүшү ыктымал. Абанын табы түнкүсүн -8-10, күндүз +4+6 градус болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ