Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болду. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинен бүгүн, 18-ноябрда тастыкташты.
Берилген маалымат боюнча, облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычынын аймагынан табылган. Учурда бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле бул кылмышка шектүү деп Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалып, учурда суракка алынууда.
Эскерте кетсек, Анарбай Мамажакыпов ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болуп эмгектенген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ