Menu

Ташкентте кыргыз-өзбек кинематографисттеринин биргелешүүсүндө тартылган “Делбирим” фильминин премьерасы көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-ноябрда Ташкенттеги Алишер Навои атындагы театр залында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” чыгармасы боюнча тартылган көркөм фильмдин премьерасы коюлду.

Көркөм фильм кыргыз-өзбек кинематографисттеринин биргелешүүсүндө тартылган. Фильмдин сценарийин Керек Зарлыкова жазса, анын режиссеру Өзбекстандык Сарвар Каримов жана сүрөтчү-коючусу Акмаль Саидов болгон.

Тасмада башкы ролдорду Кыргызстандын жана Өзбекстандын белгилүү актерлору ойногон. Ильястын ролун өзбек актеру Адиз Ражапов аткарса, Байтемирдин ролун Улугбек Кадыров жараткан. Ал эми Аселдин ролун кыргыз актрисасы Мадина Талипбек ойносо, Хадичанын ролун Элина Абай кызы аткарган.

Эскерте кетсек, тасма Өзбекстандын Нанай району менен Камчик ашуусунда жана Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун бир нече аймагында тартылган. Анын тартылышы 25-июнда башталып, 15-августта аяктаган. Бирок көркөм фильм толугу менен 9 ай ичинде даярдалып чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: