Menu

Москвада кыргыз таксист кардардын унутуп калган капчыгын кайтаруу үчүн суукта 8 саат күткөн

Бөлүшүү:

Орусиялык интернет колдонуучусу Варя Борцова өзүнүн Facebook баракчасына төмөндөгү таасирдүү окуя менен бөлүштү.

Варя Борцованын жазган маалыматы боюнча, ал чет элден Москва шаарына учуп келип, үйүнө жетүү үчүн аялдамадан такси кармаган. Үйүнө кирип, бир топ уктап эс алган соң гана капчыгын таксиде унутуп калганын эстеген. Таксини көчөдөн кармагандыктан, ал кайсы такси кызматына тиешелүү экенин билбей калган. Капчыктын ичинде документтери, креддиттик карталар жана акчасы бар болчу.

Анан Варя Борцова ар кандай такси кызматтарына телефон чалып, өзүнүн көйгөйүн айтып, сураштыра баштаган.

Көп өтпөй терезеге жакын келген кыздын атасы үйдүн алдында бир такси турганын айтат. В. Борцова эшикке чыгып, ал капчыгын унутуп калган такси экендигин тааныйт. Көрсө, айдоочу аны 8 сааттан бери таппай, акыры чыгып калаар деген үмүттө кардар кирип кеткен көп кабаттуу үйдүн алдында күтүп турган экен. Капчыгын кайтарып алган В. Борцова аманатка кыянаттык кылбаган таксист менен сүйлөшүп, анын Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жараны экенин билип, ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле, В. Борцова такси айдаган жигитке ыраазычылык катары кошумча акча бергенин айтып, постун жайлоонун сүрөтү менен толуктаган.

“Бул адамдагы адилеттүүлүк сезиминин күчтүүлүгү мени таң калтырды. Шашкалактаганымдан атын да сурабай калыпмын. Адамзатка болгон ишеничим арта түштү. Мурдагы акчадан беш эсе көп төлөдүм. Мени күткөн убакыттын кунун жабаар. Бирок, бул адамга болгон менин ыраазычылыгымды акча менен баалоо аздык кылат”, – деп жазат В. Борцова.

Мындан сырткары, ал көп жыл мурун иш сапары менен Бишкекке келип кеткенин жана башынан өткөн окуядан кийин дагы сөзсүз келип кетерин кошумчалайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: