Menu

Видео – Аскар Акаев президент кезинен бери эң жакын, туруктуу үч досу тууралуу айтып берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-ноябрда социалдык тармактарда Кыргызстандын экс-президенти  Аскар Акаев тууралуу жаңы видеотасма тарады. Айрым маалыматтарга караганда, бул видеотасма жакында эле, 10-ноябрда Москвадагы ресторандардын биринде экс-президенттин туулган күнүн белгилөө учурунда тартылган. Анда Аскар Акаев жанында олтурган экс-депутат Есен Исмаиловду дагы бир чогуу олтурган адамга аябай мактап, ал өзүнүн үч туруктуу досунун бири экендигин, өткөн кылымыдын 90-жылдарындагы Кыргызстандын эң байы жана миллионери болгондугун баса көрсөтөт.

“Билесизби, Есенде эң жакшы сапат бар – ал аябай ишенимдүү дос. Менин Есен сыяктуу досторум экөө-үчөө эле… Өзү билет, Боке (Болот Жанузаков) жана дагы бирөө бар,  азыр айтпайм, ал мекенибизде… Ушулар менин ишенген үч досум. Булар ишенимдүү достор. Эч качан унутушпайт, дайыма эстеп турушат. Мына ушул сапаты анын өзгөчөлүгү. Достукка аябай бекем турат. Конъюктурага карабайт. Конъюктура өзгөргөндө баары өзгөрүп кетишти. Бир гана Есен мурун кандай болсо ошол боюнча өзгөрбөй калды. Есен аябай колу ачык, март киши: миллиондогон долларды иштеп табат да, аны эртеси эле чачып жибериши мүмкүн жана ага кейип да койбойт.  Менин эсимде, 1990-жылдары ал эң бай кыргызстандыктардын бири болчу, кийин анын баарын жоготуп алды. Бирок билесизби, ал кыпындай да өзгөргөн жок. Есен “акча колдун кири, келет-кетет” деп эсептейт”, – деп мактаган Есен Исмаиловду экс-президент Аскар Акаев.

Видеотасманы Ютубга жүктөгөн Бөрүбай Кудаяров.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: