Menu

Депутат Алтынбек Сулайманов элге каршы токтом чыгарган Темир Сариев үчүн мекендештеринен кечирим сурады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулайманов өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, 2015-жылы Кыргызстан бажы союзуна киргенде ал союз 2020-жылга чейин берген жеңилдиктерди пайдаланбай, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев чет элден алып келинген унааларга бажы төлөмдөрүн кескин көтөрүп, элге каршы токтом чыгарганы үчүн мекендештеринен кечирим сурады. Буга чейин депутат Сулайманов менен экс-премьер Темир Сариев бул темада кайым айтышып келатышкан. Депутаттын фактылар жана аргументтер менен болгон сынына кабылган экс-премьер Темир Сариев күнөөсүн мойнуна албай, ызакорлонуп, кайра депутатты беттен алып жаткан.

“Ассалом алейкум урматтуу мекендештер!

Биз унааны кандай пайдаланабыз дегенге жооп издеп көрөлүчү?
Кээ бирөөлөрдүн (байлардын) эки-үчтөн машиналары бар, бирин тойго, бирин тоого, бирин ишке минишет дегендей…
Балдары өзүнчө, аялдары өзүнчө машина минишет.
Мындай адамдар элибиздин 10% түзүшү мүмкүн.
Ал эми калган 90% калкыбыздын жарымында машинасы жок, мындан көбүрөөк же азыраак болушу мумкун.
Орто бай, оокаты өзүнө жетиштүү, же бир машинасынан башка эчтекеси жок адамдар да көп эле.
Машина ар адам үчүн ар кандай роль ойнойт, орусча айтканда: (роскошь, понт, средство передвижение, орудие труда).
Көпчүлүк жөнөкөй эл машина менен жанын багып жатат, үй-бүлөсүн багып жатат!!!
Машина менен эмне кылат?
Таксовать этет, жумушка барып келет, мектепке же бала бакчага балдарын ташыйт, буюмдарын, малын, эгин-тегинин, ремонтко строй материалдарын, тез жардам ордуна кошунасын ооруканага жеткирет, койчу, бул тизмени токтоосуз жаза берсе болот. Өнүккөн өлкөлөрдөй биздин өлкөдө элди ташуу (коомдук транспорт) жөнгө салына элек. Шаардан-шаарга поезддер , самолеттор, айылдан райондун борборуна жетүү, шаар ичинде троллейбус, автобус ж.б. ушунун баары жеткиликтүү эмес. Ушулардын жетишпей жатканына карабай эл өз оокатын кылып атат.
Бажы биримдигине киргендеги 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөттү туура эмес пайдаланып, элге каршы токтомдорду чыгарыпбыз. Бир токтом менен элге өтө чоң – миллиардаган зыян келтирип алдык. Буга ошол кездеги президент, премер- министрдин, албетте парламенттин да чоң күнөөсү бар деп эсептейм.
Башкалар мойнуна алгысы келбесе да, ушул ката-кемчилик үчүн, кеч болсо да мен жалпы элден кечирим сурайм!”, –
деп жазат Алтынбек Сулайманов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: