Menu

Роза Отунбаева Президент Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бөлүшүү:

Экс-президент Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Сизди 60 жаш кутман курак мааракеңиз менен чын ыкластан куттуктайм! Сиздин саясий жана мамлекеттик ишмердигиңиз эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаңы түптөлүү мезгилине, өткөн 27 жыл ичиндеги оор сыноолордун жана чукул бурулуштардын учуруна туш келди.

Өткөөл мезгилдин мектеби Сизди такшалтты, чоң тажырыйба топтодуңуз. Жогорку Кеңештин депутаты катарындабы, Өкмөт мүчөсү катарындабы, же оппозициялык партиянын катардагы мүчөсү катарындабы, кандай жагдай болсо дагы Сиз өзүңүздүн жашоо позицияңызды жоготпой, инсандык сапаттарды бийик кармай алдыңыз деп ишенимдүү айта алам. Айрыкча 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынан кийин Ош облусундагы кырдаалды жөнгө салууда, каргашалуу июнь коогалаңын басууда жана анын кесепеттерин жоюуда Сиздин эмгегиңиз зор.

Учурда мамлекеттин жүгүн көтөрүү озуйпасын аркалап турасыз, жүк оор, жоопкерчилик чоң. Сиздин жетекчилик менен көйгөйлүү реформалар аягына жеткирилип, өлкөбүздө парламенттик демократия биротоло бекемделип, коомдо акыйкаттык орноп, адамдын укуктары менен эркиндиктери толук камсыз болот деп ишенем.

Сиздин түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалайм! Ден-соолукта болуңуз! Кыргыз Республикасы өсүп-өнүгүп, элибиз тынчтыкта бакубат жашоого жетсин!», — деп айтылат Роза Отунбаеванын куттуктоосунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: