Menu

тэц

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Баткен облустук прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнүн жагдайларын иликтөө үчүн Баткенге келди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Башкы прокурор жабык жыйын өткөргөндүгү белгилүү болду.

Эске салсак, 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Алдына ала маалыматка караганда, ал башынан алган  катуу соккудан улам көз жумган.

Буга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү деп  Баткен шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалган. Учурда ал тергөөнүн алкагында сурак берип жатат.

Маркумдун туугандары аны жерге берүү үчүн кичи мекени –  Чоң-Алайга алып кетишкен.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: