Menu

“Өзбекстан 24” каналынын алып баруучусу цензура бар экенин айтты

Бөлүшүү:

“Өзбекстан 24” телеканалынын алып баруучусу Мавжуда Мирзаева мамлекеттик каналдын иши тууралуу айтып, цензура бар экенин билдирди:

– Тилекке каршы, өзбек телекөрсөтүүсүндө өтө катуу цензура бар. Биз эски система боюнча иштеп жатабыз, эч нерсени өзгөртүү мүмкүн эмес. Президент ыкчам иштөөнү талап кылууда, бирок даярдалган материалдарды бир нече киши текшерет. Эгер алар башка иштер менен алек болуп, бошобой калышса, материалдар актуалдуулугун жоготуп коет. Биз сөз эркиндиги тууралуу айтып жатабыз, бирок цензура дагы деле бар.

Алып баруучу көп учурда бурмаланган маалыматтар берилерин ырастады:

– Маселен, эгер инвестор көйгөйлөр бар экенин жана алар чечилип жатканын билдирсе, биз аны “Мен Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга суктанып жатам” деп которобуз. Бул калп эмеспи? Эл муну билбейт дейсизби? Эл интернет жана башка ресурстарга баам салып турат. Алар жалган айтып жатканыбызды билет жана каналды шылдыңга алышат.

Журналист бул билдирүүлөрү үчүн иштен алынышы мүмкүндүгүн, бирок көрүүчүлөр алдында өзүн күнөөлүү сезгиче, жумуштан бошонуп кеткени артык экенин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: