Menu

Тажикстан Түркмөнстан менен салык келишимин ратификациялады

Бөлүшүү:

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы экспорт жана импорттук товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө салынган салыктар принциби жөнүндө келишимди ратификациялады.

Документтин максаты эки өлкө ишкерлерин кош салыктан арылтуу болуп эсептелет. Бул Тажикстан менен Түркмөнстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттырууга багытталган.

Расмий статистика боюнча, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 50 миллиондон ашуун долларды түзөт. Былтыр Тажикстан Түркмөнстанга 1,5 миллион долларга бааланган товар экспорттогон, импорттун суммасы 49 миллион долларды түзгөн. Акыркы сегиз айда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 37 миллион долларга чейин кыскарган.

Салык келишими Түркмөнстан тажик фураларын жана темир жол вагондорун чек арадан өткөрбөй койгондон эки ай өткөн соң ратификацияланды. Августтун аягында жүздөгөн тажик жүк ташуучу унаалары иран-түркмөн чек арасында кармалып калган. Сентябрдын ортосунда Ашхабад бул коопсуздук маселелерине байланыштуу экенин билдирген.

Тажик ишкерлери чоң чыгымга учураган. Ашхабад бир айдан кийин гана тажик фураларын өткөрүүгө уруксат берген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: