Пентагон 18-ноябрда АКШ жетектеген эл аралык коалициянын абадан соккусу Дэйр-эз-Зор провинциясында карапайым тургундардын өлүмүнө алып келди деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу АКШ куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын сайтында айтылат.
Маалыматтарга караганда, “Ислам мамлекети” террордук тобунун позицияларына жыйырмадай жолу чабуул жасалган, бирок, карапайым кишилер арасында курмандыктар болгон эмес. Операция 16-17-ноябрда жүргүзүлгөн.
Күн мурун Сириянын өкмөттүк SANA агенттиги коалициянын Дейр-эз-Зор провинциясынын Хажин шаарынын четинде жасаган аба чабуулдарынан 40тан кем эмес жай тургун мерт болгонун маалымдаган.
Америкалык аскерлер Хажин шаарына сокку урган авиациянын коалицияга жана анын тарапташтарына тиешеси жок экенин билдирди. Буга байланыштуу Пентагон Сириядагы жаңжалдын бардык катышуучуларын Ефрат дарыясынын жээгиндеги макулдашылбаган чабуулдарды жасоону токтотууга чакырды.
Ефрат дарыясынын боюнда АКШ жана Орусиянын аскердик күчтөрү жайгашкан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ