Menu

Базарбай Мамбетов, алтын кендер боюнча эксперт: Жерүй маселесин чечпесек акыры жакшылыкка алып келбейт

Бөлүшүү:

Жерүй иштейт дегенде элдин үмүтү дайыма ойгонот. Өлкөнүн өнүгүшүнө жакшы таасири тийчүдөй үмүттөнүшөт, бирок мурдагыдай эле афера, элди алдамай, жемкорлук иши чубалып, элдин үмүтү ташкабат. Россиянын «Восток-геолдобыча» компаниясы атайын Кыргызстанда «Альянс-Алтын» компаниясын түзүп, тендерди утуп алышкан. Жерүйдөгү коррупциялык келишим тууралуу мурунку вице-премьер-министр, алтын кендер боюнча адис, эксперт Базарбай Мамбетов ой бөлүштү.

– Базарбай ага, Жерүй алтын кенин иштетүүгө ар убак каршылыгыңызды билдирип келесиз. «Алтын-Альянс» компаниясы, Муса Бажаев тууралуу пикириңизди уксак?

– Жерүйдүн иштеп кетиши тууралуу эч нерсе айта албайм. 1992-жылдан бери Жерүй сегиз компаниядан өттү. Бирок алардын баары Муса Бажаевдин компаниясындай болуп, бийлик менен өз алдынча сүйлөшүп келишим түзүп алып, же акырына чыккан жери жок.

Муса Бажаевдин компаниясы дагы алардын бири болуп калды. Талас эли анын компаниясына Жерүйдү бербегенге болушунча аракет жасашат. Жерүй боюнча эң негизги пикиримди айтсам, 2015-жылы тендер өткөргөндө ошол утуучу компания менен биздин өкмөт ортодо келишим түзүүнү унутта калтырышкан. Негизи келишимде чыккан алтындын канча пайызын биздин өкмөт алат, канча пайызын инвестор алат – баары так, айкын жазылышы керек эле. Тендерди уткандар «Восток-геолдобыча» компаниясы болуп жатат. Биздикилер коррупциянын кесепетинен келишимди түзбөй коюшкан. Россиянын бул кенди иштетүүчү компаниясы биздин өкмөт менен келишим түзсө, мен Жерүйдүн иштешине каршы болмок эмесмин. Чыккан алтындын ээси Кыргызстан да. Биздин өлкөбүзгө канча пайыз алтын берилери, канчасын инвесторлор алары белгисиз бойдон турат.

Азыркы учурда «Восток-геолдобыча» компаниясы тез темп менен иштеп жатат. Алар ишин тез бүтүргөнү менен деле Талас эли Жерүйдүн иштеп кетишине макулдук беришпейт. Негизи кен иштетүүдө бир шарт бар: утуучу компания төлөп бериши керек. Ошол 100 млн. доллар менен эле «Восток-геолдобыча» «Жерүйдөгү алтынды көчүрүп кетебиз» деген ойдо болуп жатат. Жерүйдө 100 тоннага жакын алтын жатат, азыркы баасы 3 млрд. 200 млн. долларды түзөт. Ал акчага бааланган алтынды «Восток-геолдобыча» 8 жыл аралыгында биздин өлкөдөн чыгарып кетет.

Ортодо коррупциялык келишим болду. Муса Бажаев биздин өкмөт менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык жол менен кен алардын колуна тийди. Бул биздин өлкөгө, биздин мамлекетке жасалган аябай чоң кыянаттык. Унутулбай турган кылмыш. Ошого карабай, биздин азыркы бийликтегилер, өкмөт дагы, Талас облусунун губернатору дагы, Талас районунун акими дагы мунун баарын билмексенге салып турушат. Бул маселени жакын арада акырына чейин чечпесе, аягы жакшылыкка алып келбейт.

Жерүйдүн иштеп баштарына али бир жылдай убакыт бар. Азыр жолдорду, сактоочу жайларды салып жатышат. Карьердеги руданы казып башташты, бирок алтын чыкканга чейин бир жылддй убакыт бар. Жерүй – учурда ойлоно турган, чече турган өтө оор маселе.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: