Menu

Соцфонддун башчысы айлык маянасын айтты.

Бөлүшүү:

– Исхак мырза, президенттик шайлоо учурунда талапкерлердин бири ар бир шайлоочуга аты-жөнүн, так дарегин көрсөтүп кат жазганын айтып, жеке маалыматтардын сакталышы боюнча кооптонгондугуңузду билдирдиңиз. Бул чындап эле тынчсыздана турган нерсе экен…

– Жарандардын уруксаты жок берилбей турган маалымат кандайдыр бир жол менен шайлоо мезгилинде чыгып атат. Ал маалыматтар президенттикке талапкерлердин кээ бирлеринин командасынын колуна тийген. Үй дарегибиз, туулган жылыбыз – баары аларга белгилүү болуп, бизге каттар келип атат. Демек, «башкалар, мисалы, террористтик уюмдар деле ушинтип алса болот экен да» деген ой келет. Мен ошондон коркуп атам. Шайлоо мейли.

– Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкүлү «алар коммуналдык кызматтардан алыптыр» деп айтты. Бул жооп сизди канааттандырдыбы?

– Аны Иса Өмүркулов тактабадыбы. Ал киши өзү мэр болгон да. Бүгүнкү күндө коммуналдык кызматтарда так маалымат жок. Кээ бирөөлөр үйүн сатып жиберген, балдары чоңоюп, мектепти бүтүп, үйлөнүп, турмушка чыгып кетип атат. Коммуналдык кызматтар анын баарын кайдан билмек эле? Талапкер шайлоо учурунда менин үй-бүлө мүчөлөрүмө кат жазып аткан соң, демек, анда так маалымат бар.

Ал эми так маалымат бир гана МККда болот.

– Жеке мүнөздөгү маалыматтар чыгып кеткени үчүн МКК жоопкерчилик тартышы керекпи?

– Мыйзам менен корголгон маалыматты берип койгону үчүн бизде жоопкерчилик жок. Жетекчилер келет-кетет, эч ким жооп бербейт. Адам тоок уурдаса – камалат, бирөөнүн көзүн көгөртө койсо – камалат, ал эми мындай маалыматты бергени үчүн так жоопкерчилик каралган эмес. Кызматтан бошотушу мүмкүн, көп болсо. Маалымат берген кишини дароо кызматтан бошотсок, бара-бара адамдарда жоопкерчилик сезими калыптанышы мүмкүн. Бирок, акчанын күчү чоң эмеспи. Кайсы бир олигарх келип, «маалымат базасын бер» десе, кайра эле берип коюшу ыктымал.

– Ошол эле МККнын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата биометрикалык каттоодон 3 млн. 315 миң киши өтүптүр. Башкача айтканда, элдин дээрлик тең жарымы өтө элек. Эми ошолор «биздин жеке маалыматтар чыгып кетпешине эч кандай кепилдик жок турбайбы» деп каттоодон баш тартып койгонго укугу барбы?

-Жок. Себеби, конституциялык палатанын чечими бар. Ар бир адам катталууга милдеттүү дегенди конституциялык палата туура деп тапты. Анан калса, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жаран өзүнүн конституциялык укуктарын колдоно албайт. Шайлоого катышпайт, добуш бере албайт. Социалдык жеңилдиктерден да куржалак кылып, жөлөк пулдарды да алалбай калышы мүмкүн.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: