Menu

Соцфонддун башчысынын айлык акысы канча сом?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19 –ноябрда Социалдык фонддун башчысы Медер Исраилов өзүнүн айлык маянасы 23 миң сом экендигин ачыкка чыгарды. Бул жөнүндө Жогорку Кеңеште бюджет жана каржы тууралуу отурумунда депутат Сайдулла Нышановдун суроосуна жооп кылып айтты.

Депутаттын: “Бул суммадагы маяна жетеби?” деген суроосуна жооп катары Медер Исраилов андан сырткары дагы кошумча төлөмдөр бар экенин билдирди.

Соцфонддун региондордогу кызматкерлери 9 миң сом алышат. Соцфонддун төрагасы алардын маянасын  келепки жылы 15-20%га  көтөрүү пландалып, ага бюджеттен 19 млн сом  каралгандыгы тууралуу да маалымдады.

Ал эми Сайдулла Нышанов өзүнүн  маянага  байланыштуу суроо бергенинин себебин, коомчулукта чиновниктердин айлык маянасына  кызыккандардын көптүгү менен түшүндүрду.  Анан да: “Мамлекеттик кызмат адамдарына татыктуу айлык маяна берилбесе,  паракорлук менен күрөшүү мүмкүн эмес”, деп кыстара кетти депутат.

Булак: ЖКнын маалымат кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: