Menu

Нетаньяху Израилдин коргоо министри кызматына киришти

Бөлүшүү:

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн коргоо министри кызматына киришти. Мындай жол менен ал буга чейинки коргоо министри Авигдор Либерман отставкага кеткенден кийин жаралган саясий олку-солкулукту токтотууга аракет кылууда.

Өз кайрылуусунда Нетаньяху азыр Израилде мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү зарылдыгы жок экенин билдирди. Анын айтымында, буга чейин жаңы шайлоолордун жардамы менен өкмөттү күчтөнтүү аракеттери каалаган жыйынтыкка алып келген эмес. Ал ортодо Либермандын «Биздин үйүбүз – Израиль» партиясы көпчүлүк коалициядан чыккан соң, Нетаньяхунун партиясы парламентте бир гана добуш артыкчылык менен көпчүлүктү түзүп калууда.

​Авигдор Либерман Газа секторунда акыркы төрт жылдан берки эң олуттуу жаңдалдан кийин ХАМАС тобу менен элдешүүгө каршылык катары 14-ноябрда отставкага кеткен. Либерман өкмөттүн бул чечимин «террордун алдындагы капитуляция» деп эсептөөдө. Бир жума мурда ал ХАМАСка каршы аракеттерди күчөтүүгө чакырган болчу.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: