Menu

Кара-Балтадагы атышууда жабыркаган эки адам ооруканада жатат

Бөлүшүү:

Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бириндеги атышууда жабыркаган милиционер да, кылмышка шектүү адам да ооруканада жатат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева билдиргендей, окуя 18-ноябрда таңкы саат алтыларда болгон. Криминалдык милиция менен атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери издөөдөгү кылмышкерди кармаганы барган кезде, ал каршылык көрсөтүп, ок аткан. Натыйжада “Шумкар” атайын бөлүгүнүн кызматкери жарадар болгон. Кармоо учурунда шектүү да жараланып, экөө тең ооруканага жеткирилген:

 Бул факт боюнча Жайыл райондук тергөө тобу кылмыш ишин козгоду. Окуя “укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу” деген негизде териштирилип жатат, – деди Н.Имангазиева.

Жабыркагандар дароо Чүйдөгү аймактык ооруканага жеткирилип, андан соң бири Бишкекке которулган. Милиция алардын абалы тууралуу маалымат бере элек.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: