Menu

Мээрбек Мискенбаевге Ала Тоо аянтынан айкел тургузулабы?..

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Айбек Мырза, Мавлян Аскарбеков сыяктуу жаш саясатчылар башында турган «Талас» саясый ынтымагы түзүлгөн. Бул курамга бир топ таластык белдүү жаштар, капчыктуулар биригишкени маалым.

Уюшманын негизги максаттары -патриоттуулук, мамлекеттин өнүгүшү жана саясый процесстерге жандуу аралашуу экен. Кызыгы, дагы бир таластык, дандуу саясатчы Адил Турдукулов «Айбек, бул сепаратизмдин башталышы го?

Кокту-колотко бөлүнүү жакшылыкка алпарбайт. «Намысты бизден талашпай эле койгула» деп жазып койбогонуңарга рахмат!» деп какшык аралаш сындаган. Адил мырза негизинен мамлекеттик деңгээлде ойлонгон, эл аралык билими бар лидер эмеспи…

Көп өтпөй кайрадан эле таластыктардын башка өңүттөгү «трюктарына» күбө боло баштадык… Кыргыз Эл Баатыры Алиязбек Алымкуловго кичи мекенинде айкел ачылгандан бери Мээрбек Мискенбаевдин жоон топ тарапташтары нааразы болушканын редакцияга кабарлашты. «Эмне үчүн Мискенбаевге мындай сый-урмат көрсөтүлбөйт?! Себеби, ошол 7-апрелде биздин баатырыбызга да ок тийип, жарадар болгон. Бакиевдик кандуу бийликке каршы чыгып, аянтта айыгышкан күрөш салган. Ошондон бери эл тарапта болуп, ар дайым чындыкты айтып келүүдө. Бүгүнкү күндө дагы бийлик менен ачык күрөшкө чыгып, Алмазбек Атамбаевди сатып кетпестен, Чолпонбайча төшүн «дзотко» тосуп, өмүрүн тобокелге салуу менен дагы эле саясаттын чордонунда кайнап келатат. Мээрбектей баатырыбыз 100 жылда бир жаралат. Эмне үчүн биз тирүүсүндө колдоп, баркына жетпейбиз? Же өлүш керек беле? Биз да кескин түрдө талап коёбуз – Мискенбаевге Ала-Тоо аянтынан айкел тургузуу боюнча уруксат беришсин, ошондо бийликтегилер сестенип, уурулукка барышпайт. Кайрадан революция кайталанбайт. Элдин жарчысы катары биздин лидерибиздин аянтта жүзү жаркып турса, кийинки муундар да үлгү-сабак алышып, өлкөнүн өнүгүшүнө өрнөк болмок!» деген кайрылуусу менен таластыктар катуу чамынышып, коңгуроо кагышты.

Ал эми жалпы эл кандай көз карашта болду экен? Ошондо таластыктар Ала-Тоо аянтына Мээрбек Мискенбаевге айкел тургузушса, Манас атабыздан кийинки баатырыбыз катары урматталып калабы? Эмне үчүн эсибизге келе албай жатабыз? «Эл эмне дейт?» деген кичинекей уятыбызды ойготсок! «Таластыктар» деген ураандын түпкүлүгү Адил Турдукулов айткандай, жамандыктын жышааны катары элибизге кедери тийип жүрбөсүн?..

Арстан Алгырбеков

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: