Menu

Курманкул Зулушев, депутат: Конституциялык палатанын көрсөтмө бергенге укугу жок

Бөлүшүү:

– Курманкул Токторалиевич, «конституциялык палата аша чаап кетти» деген сөзүңүздү чечмелеп берсеңиз?

– Конституциялык палата – ал сот органы да. Кайсы орган болбосун, ал мыйзамды жетекчиликке алат. Конституциялык палата да жалпы сот органы сыяктуу эле мыйзамдын жетекчилиги менен иштейт. Жалпы соттор жарандык-процессуалдык кодекстин негизинде, ошонун талабы боюнча иш алпарат. Эгер жаран доо арыз берсе, арызда көрсөтүлгөн предметти гана карайт. Анын чегинен аша чыкпайт. Конституциялык палата дагы жарандык-процессуалдык кодекстин жана конституциялык палата жөнүндөгү мыйзамдын негизинде, Башмыйзам менен гана иштейт. Алар Конституцияга карама-каршы келет деп туруп мыйзам чыгаруу органына, же аткаруу бийлигине «мындай мыйзамды иште, мындай ңорма киргиз» деп көрсөтмө бергенге укугу жок. Үч мыйзамда тең андай норма таппайсың. Түшүндүрмө бергенге, чечмелегенге Жогорку Кеңеш да укуксуз. Бул туура эмес деп ойлойм. Мыйзам чыгаруучу орган өзүнүн мыйзамына түшүндүрмө бере алгандай болуш керек. Ошондуктан, биз ал мыйзамды кайра киргизишибиз зарыл.

Ал эми конституциялык палата жыйынтыктоо бөлүгүнүн биринчи пунктунда «бул берене Башмыйзамга карама-каршы келет», же «карама-каршы келбейт», экинчи пунктунда «бул чечимди жарандар, органдар, мамлекеттик түзүмдөр милдеттүү түрдө аткарышы керек», үчүнчү пунктунда «чечим күчүнө кирди, даттанууга жатпайт» деп гана жазышы шарт. Болду, ушуну менен гана чектелүүгө тийиш. Алар болсо дагы бир пункт кылып, бир органды милдеттендирип атат. Бул – мыйзам бузуучулук.

– Парламенттин түшүндүрмө берүү, чечмелеп, жүйөөлөрдү келтирүү укугун Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы алып салган экен. Эмне себептен?

– Анын себебин билбейт экенмин, бирок алынып салынганы факт. Бул туура эмес. Себеби, Жогорку Кеңеш мыйзам чыгарса, ал аткаруучу органга же жаранга түшүнүксүз болсо, биз түшүндүрмө беришибиз керек. Мыйзамдын максатын аныктап берүү зарыл. Демек, бул керектүү норма.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: