Пенсионерлердин жеке электрондук кабинетин иштеп чыгууга 10 миллион 400 миң сом керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин парламенттик отурумунда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.
Анын айтымында, келерки жылдын 1-январынан тарта өлкөдөгү жарандардын пенсияга чыгуу тууралуу документтерин чогултууну Социалдык фонддун кызматкерлери ишке ашыра тургандыгы жөнүндө мыйзам күчүнө кирет.
“Ар бир пенсионердин электрондук кабинетин иштеп чыгуудабыз. Ага ылайык, ар бир пенсионер үйүнөн чыкпай туруп эле, ага канча пенсия белгиленгенин билип, электрондук түрдө макулдугун бере алат. Системаны 2019-жылдын июль айынан тарта ишке киргизүү пландалууда,” – деп маалымдады Социалдык фонддун төрагасы.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ