Бул маселени депутат Элвира Сурабалдиева козгоп чыкты. «Ар бир райондун өкүлдөрүнө “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1 миллион сомдон 1,5 миллион сомго чейин акча чогултасыңар” деген тапшырма коюлуптур. Бул ишиңер менен ар бир айыл өкмөт башчыларын соттоткону жатасыңар. Мындай кылганга болбойт. «Каражатты ким чогултту, каяктан таптыңар?» десем, «сизге айтмак белек, сиз депутатсыз да» деп жооп беришти. Ушундай оюндарды уюштурууда отчетту ачык-айкын кагаз түрүндө көрсөткүлө. Мындай жашыруун жасаган иш менен көпкө узабайсыңар. Силер айыл өкмөттөрүнө жүктөсөңөр, алар карапайым элди кысып жатышат” деп депутат нааразычылыгын билдирди.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ